«Мелис Эшимкановдун журналистикадагы ролу жана орду» аттуу конференцияга чакырабыз! (Дарек)

«Мелис Эшимкановдун журналистикадагы ролу жана орду» аттуу конференцияга чакырабыз! (Дарек)

6-декабрда… Улуттук китепканада…

8-декабрь — КРнын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү. Ушул күнгө карата, 6-декабрда, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Мелис Эшимкановдун кыргыз эркин журналистикасынын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү ролу жана орду» темасындагы илимий-практикалык конференция өтөт.
Конференциянын алкагында, Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд тарабынан уюшулган студенттер арасындагы сынак («Видео очерк» жана «Эссе» номинациялары) жыйынтыкталат.
Иш-чара саат 10:00до башталат.

Баскан жолу…

«Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон, кыргыз, орус тилдеринде жаза билген белгилүү, мыкты журналист, публицист, коомдук жана саясый ишмер Мелис Эшимканов (1962-2011) — кыргыз тилдүү эркин басма сөздү түптөөчүлөрдүн бири. Ал кыска өмүрүн журналистикага арнап, массалык маалымат каражаттарынын жана эне тилибиздин, адабият, маданияттын, эгемендүүлүктүн өсүп-өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, эбегейсиз из калтырып кеткен тарыхый инсан. Бекеринен кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» деп атыккан эмес да.

Маркумдун жубайы Асел Эшимканова жолдошунан ажырагандан бери бир топ сынактарды өткөрүп, атын өчүрбөй келатат. Былтыр (2022-жылы) жолдошунун 60 жылдыгына карата, туулган күнүндө — 9-декабрда Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында эскерүү өткөргөн. Дал ошол күнү Мелис Эшимканов атындагы фонд (журналисттер жана студенттер арасында) жарыялаган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылган.

Андан тышкары, «МЕЛИС менен ЭРНИС» аттуу китептин бет ачаары болгон. Аталган китепти түзгөн белгилүү, мыкты журналист, котормочу Данияр Исанов. Кесиптешибиз Мелис агабыз тууралуу 19 мүнөттүк даректүү тасма даярдап, эссе жазган.

Мелис агабыздын кичүү кызы Миэлла «Атакем ай» аттуу ырды ырчы Гүлзинат Суранчиева менен дуэт ырдап элди ыйлаткан.

Жоктоо ыры

Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.