ВИДЕО — 40 чоронун бирин ыйлаткан окуучу кыз…

ВИДЕО — 40 чоронун бирин ыйлаткан окуучу кыз…

“Кыргыз десем, Манас келет эсиме, Манас десем, Чыңгыз келет эсиме

Кечээ, 4-декабрда, Кыргызcтанда “Манас” эпосунун күнү белгиленди. Бардык аймакта болгон көп иш-чаранын бири — «Манас жана Чыңгыз» деген аталышта Бишкектеги англис тили тереңдетилип окутулган №13 мектеп-гимназиясында болуп өттү. Бул жайдын окуучулары залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан (“Жамила”, “Кылым карытар бир күн”, “Биринчи мугалим”, “Ак кеме”, “Кызыл алма”, “Мен Тянь-Шань”) сахналаштырылып, каармандардын ролун аткарышты, монолог айтышты. Ар бир чыгармадагы каармандардын кийген кийиминен бери окшоштурулган окуучулар өнөрлөрүн үч тилде — кыргыз, орус, англис тилинде көрсөтүштү.

“Урааным – Манас! Улутум – кыргыз! Сыймыгым – Чыңгыз!”

Ар чыгарма ортосунда залда отурган Манастын 40 чоросун чагылдырган жигиттер ордуларынан тура калышып, “Урааным – Манас! Улутум – кыргыз! Сыймыгым – Чыңгыз!” деп ураан чакырып турушту. Дагы бир өзгөчөлүгү — чыгармадагы каармандар сахнага чыгып жатканда, алардын артындагы LED экрандан кино тасмалардан үзүндү берилип турду.

Ушундай мыкты даярдалган иш-чараны биз сыймыктанган инсандар Роза Айтматова, Кыргыз эл артисти, акын Дарика Жалгасынова, «Ак кемеде» Нургазынын ролун аткарган Нургазы Сыдыгалиев, «Жамийла» тасмасындагы Сейит — Насирет Дубашев менен чогуу көрдүк.

Эми айтып бүткүс иш-чараны сөз менен эмес, көз менен көрүү керек. Анда, көчөт дүйнөгө саякатка кеттик…

Иш-чара фойеге коюлган балдардын көз карашындагы “Манас жана Чыңгыз” сүрөт көргөзмөсү менен башталды. Ар кай класстагы окуучулар баатыр Манас атабызды, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду жана анын чыгармаларындагы каармандарды ар кыл өңүттөн боёкторго салышканына күбө болдук. Сүрөттөр менен көз алдыбызга тасма кадрлары тартылгандай эле болду…  Учкул жаштык.. чаңызгыта чуркаган алтын балалык… эмгекчил асыл адамдар… андагы адамдардын кең пейили… деги койчу, аруу, таза балалыкка, өзүмчүлдүк жок жаштыкка, советтик заман кыйырларына барып кайткандай эле болдук… ВИДЕО

Иш-чараны мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Роза Буйлякеева баштап берди…

Аалам тааныган Айтматов…

Андан соң LED экрандан Ч.Айтматов тууралуу видео-сурамжылоо көрсөтүлдү. Анда окуучулар чет жактан келген коноктордон англис тилинде сурамжылоо жүргүзүп, “Айтматовду тааныйсызбы?”, “Кайсы чыгармаларын билесиз?” деген суроолорду беришкен. Коноктор Айтматовду тааный тургандыктарын жана чыгармаларынан көбүнчө “Жамила” тууралуу айтышыптыр.

Буга улай көрсөтүлгөн видеодон окуучулар мугалими менен “Ата- Бейитке” барып, куран түшүрүп келишкендиктерин билдик…

Кийинки кезек манасчыга жетип, жаш манасчы Талгат Садыров кыраатын келтирип манас айтып, отургандарды бир термелтип ойго салды. Ушул жерден баягы ураан кайрадан жаңырды: «Урааным – Манас!Улутум – кыргыз! Сыймыгым – Чыңгыз!»

Окуучулар дагы бир таңгалдырып “Семетей” эпосундагы өзөк окуялардын бири “Семетейдин Таласка келишинен” үзүндүнү англис тилинде коюшту…

Андан соң “Биринчи мугалим” тасмасынан үзүндү тартууланды. Башкы каармандар мугалим Дүйшөндүн ролун 8-“ж” классынын окуучусу Байбек Исаев, Алтынайдын ролун 8-«з» классынын окуучусу Жусуп-Акматова Санира аткарды. Алар сахнаны айлана басып, поезддин жанына келип коштошкон учурду — жалгыз кетээрин билген Алтынайдын Дүйшөн агайысыз эч жакка барбастыгын айтып ыйлаганы  залдагыларды көзгө жаш алгыдай эле кылды. Атүгүл бизге катарлаш отурушкан кырк чоронун бири башын жерге салып, катуу таасирлендиби, көз жашын аарчып да алды…

Расул Гамзатов – Чингизу Айтматову

Дагестан эл акыны Расул Гамзатовдун улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго арнаган ырын 8-“б” классынын окуучусу Риад Ормокоев берилип көркөм окуп берди.

Даруй душа, устам всевластным слово,
Налей-ка, кравчий, в кубок не кумыс.
Прекрасна жизнь — в том убеждаюсь снова,
Приветствую тебя, мой друг Чингиз!

На праздник твой сквозь дымчатые дали
Слетелись мы, но в этот звёздный час
Я оттого не в силах скрыть печали.
Что нет твоих родителей меж нас.

И мысленно склоняю я колени
Пред матерью твоей. И не впервой
С ней заодно и не в обличье тени
Мне предстает отец погибший твой.

Сумел, Чингиз, порадовать ты маму
И не подвёл отца наверняка
Тем, что когда взошёл на Фудзияму,
Ни на кого не глянул свысока.

Шипучий дар играет в кубке, пенясь,
Пью за тебя до дна, названый брат,
Мой именитый полуевропеец,
Мой знаменитый полуазиат.

И как бы волны ни метались шало
И чёлны ни менялись в свой черёд,
Но в гавани всего земного шара
Входил и входит белый пароход.

Ты не суди Гамзатова Расула,
Завидует тебе он с той поры,
Как Джамиля аварского аула
Платком венчала шею Гульсары.

Скачи, наездник, на коня надеясь,
Касайся неба и не знай преград,
Мой именитый полуевропеец,
Мой знаменитый полуазиат.

К Отечеству в любви мы все едины,
И в том твоя заслуга велика,
Что сделались киргизские вершины
Во много раз видней издалека.

Кошой менен Жолой күрөшү

«Манастагы” өзөк окуялардын бири — көп чырдын башы болгон Көкөтөйдүн ашындагы Кошой аксакал менен Жолойдун күрөшүн 11-класстын окуучулары сахналаштырып, “Кылым карытар бир күн” романындагы Найман эненин муң-зарлуу баянын 8-“е” классынын окуучусу Жибек Токтобаева образга кирип ушундай бир аткарды, залдагылар дагы бир бышактап муңканып алдык…

Роза АЙТМАТОВА: “Агамды алгач Райкан Шүкүрбеков жазган”

Анан келген конокторго сөз берилди. Роза эжебиз чыгып, мугалимдерге, окуучуларга ыраазычылыгын билдирип, “Мен кыргызча сүйлөйүнбү же орусчабы?” дегенде, “Кыргыз тилинде сүйлөй бериңиз” деген окуучуларга тимеле жүрөк жылыды. Себеби, бул мектепте кыргыз класс жок, басым негизинен англис тилине жасалат. Баса белгилей кетчү бир нерсе, сахнага оюн койгон окуучулар кыргыз тилин чулдурабай, акцентсиз сүйлөп, нукура кыргыз уул-кыздарынан болушту. Мугалимдери да кыргыз тилинде такалбай так сүйлөшөт экен.

Эми айтылган сөздөргө келсек, Роза эже агасынын балалык кезиндеги  кызыктарды айтып берди. Маселен, ушул Ала-Тоо аянтыбыздагы Чыңгыз Айтматовдун айкели турган жерде Чыңгыз агасы ата-энеси менен жашаптыр. Анда Чыңгыз Айтматов 6 жашта экен.

Агезди эжебиз мындай деп эскерди:

— Агезде “Ленинчи жаш” гезити бар эле. Анда мыкты адамдар иштечү. Акын, драматург, котормочу Райкан Шүкүрбеков (1913–1964) окуучуларды мектепке даярдоо боюнча макала жазуу үчүн 5-6 жаштагы балдарды издеп, ойноп жүргөн бир топ балдарга кезигет. Алардан келечекте ким болосуң десе, сүрөтчү жана башка дагы кесиптерди айтышат. Агамдан тамга тааныйсыңбы деп сураса, ооба деп, келечекте шофер болорун айтат. Райкан агабыз “Шофер болом деген Айтматов” деген аталыш менен макаласын “Ленинчил жаш” гезитине жарыялайт. Ушундай бир бактылуу балалыкта жашап жатканда, атама үй-бүлөсү менен Москвага кетүүгө туура келип, жөнөп кетишет. Ал жактан атам куугунтукталганда, үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн туулган жери Таластагы Шекерге качырат. Ошентип баягы бактылуу балалыгы бүткөн агам айылдан оор турмушту көрөт. Эрте эле түйшүктү мойнуна алат. Агам аябай акылдуу, боорукер болчу. Талаадан ат минип келатканда жылан бөжөктү жутканы жатканда, аттан секирип түшүп, камчы менен уруп бөжөктүн өмүрүн сактап калат. Калтыраган бөжөктү үйгө алып келип, багып, коен кылат. Дагы бир боорукерлигин айтып берейин, таякем менен тоого чыкканда, алдынан тимеле сулуу түлкү алдынан чыгат. Таякем аны алдынан тос десе, тоспой коюп тил угат. Ошол момент “Эрте келген турналар” киносунда бар эмеспи. Бардык чыгармасында агам өзүнүн башынан өткөн катаал турмушту жазган. Ал кино болуп тартылган. Мен муну силерге эмнеге айтып жатканымдын себеби, силер жакшы турмушта жашап жатасыңар. Эми ушундай заманда да кыйынчылык болот. Бирок аны эмгек менен жеңсе болот.

Дарика ЖАЛГАСЫНОВА: «Жамила» кинодогу Даниярдын ырын алгач мен ырдап чыккам»

Андан кийин Кыргыз эл артисти, ырчы, акын Дарика Жалгасыновага сөз берилди. Эжебиз да бүгүнкү иш-чара мыкты даярдалганын айтып, мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Анан Айтматовдун «Жамила» чыгармасы боюнча тартылган тасмадагы Данияр ырдаган ырды сахнага алгач ал ырдап чыкканын айтты. Бул ырды эжебиз былтыр Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган иш-чарада да созгон эле…

Бул ырды ырдаганы Чыңгыз агага да аябай жакканын айтып жатып, күлүп: «Таластыктар мактанчаак келет деген сөздү уктуңар беле? Мен да мактанып алайын, мен акынмын. Ыр жазам» деп, Роза Айтматова менен Чыңгыз Айтматовго арнаган ырларын окуп берди.

Дагы бир Дарика Жалгасынова барбы?..

Чынында эле Дарика эжебиз көп кырдуу талант. Баарыбыз опера ырчысы катары билсек, бир учурда журналист катары да тааныганбыз. «Дариканын музыкалык өргөөсү» аттуу көрсөтүүсүн КТРКда беш жыл, «Мезгил жана музыка» уктуруусун радиодо төрт жыл алып барды. Ардактуу эс алууга чыкканда ыр жаза баштады. «Алтымышка чыкканда акын болдум» деп мага интервью берди эле…. Алты китептин автору. Кол өнөрчүлүгү да бар, куурчактын түрүн жасайт.

Баса, эжебиз буга чейин айтып жүргөн Күлчоро аттуу уулунун кызы, чоң апасынын адаш небереси Дарика Жалгасынова ушул мектепте окуйт экен. Уулу апасынын атын койсо, эже фамилиясын берген экен. Бирок эженин өз фамилиясы Артыкова. Турмуш кургандан кийин Жалгасынова болуп жолдошунун фамилиясын алган.

«Жамилада» ыйлаган Сейит…

Дарика эжебизден кийин “Биринчи мугалим”, “Бакайдын жайыты”, “Жамила” ж.б. тасмаларда кинолордо мыкты ролдорду жаратып, эл эсинде калган «Жамила» киносундагы кичинекей СейитНасирет Дубашев агабызга сөз берилди.

Насирет агабыз да иш-чара жогорку деңгээлде даярдалганын, ортодо ураан чакырган кырк чоро өзгөчө жакканын айтты. «40 чоронун арасында орус улутундагы балдар да бар экен. Алардын «Урааным — Манас, Манас, Манас!» дегени жакты«, — дейт агабыз. ВИДЕО

«Ак кемедеги» Нургазы…

Андан кийин сөз алган “Ак кеме” тасмасындагы кир дүйнөдөн качып, таза көлгө балык болуп сүзүп кеткен бала Нургазы — Нургазы Сыдыгалиев да Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган бул иш-чара мыкты даярдалганын айтып, мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

Дарика эжебиз айткандай, Нургазы агабыздын кичинекей кезиндеги бакырайган көзү ошол бойдон калыптыр.

Эл эсинде Нургазы боюнча калгысы, балалыкка кайткысы келген, андагы ата-энесин эстетип жылуулук тартуулап турарын айткан агабыз “Ак кеме» тасмасына тартылгандан кийин, советтик режиссер Эльер Ишмухамедовдун “Биздин үмүттүн куштары” (Птицы наших надежд”) тасмасына тартылып, башкы каарман Тимурдун ролун да мыкты аткарган. Андан кийин Жали Сооданбектин “Процесс”, Болот Шамшиевдин “Эрте келген турналар” тасмасында эпизоддордо тартылган.

Төрт баланын атасы учурда урма, үйлөмө музыкалык аспаптарда катыра ойноп, балдарга музыкадан сабак берет. Тагырагы, 21 жылдан бери Коргоо министрлигинин оркестринде кызмат кылып, окуучуларга музыкадан сабак берип, урма, үйлөмө аспаптарды үйрөтөт.

«Махабат сыры»…

Мыкты даярдалган иш-чара улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы каармандарына арнап ыр жазып, ага обон салган Сыймык Бейшекеевдин «Махабат сыры» аттуу ыры менен аяктады. Ырчынын ыры жаңырып, сахнага Дүйшөн-Алтынай, Жамила -Данияр, Асел-Ильяз, Мырзагүл-Султандын ролун аткарган окуучулар чыкты. «Ак кеме!  Арыба, ак кеме» деген Нургазынын кыйкырыгы менен аяктайт:

№13 мектеп-гимназия башкаларга үлгү болду

«Эгер эл тарыхын билбесе… алдындагы багытын көрбөсө… наркын тутпаса… «Манасын» укпаса, каада — салтсыз болсо… жуулган колдун кири болот, жоголгон элдин бири» деп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов айткандай, жоголгон эл болбойлу! Каада-салт, нарк, эне тилибизди сактап, тарыхый инсандарды даңктайлы, барктайлы!

Кечээги №13 мектеп-гимназиясындагы «Манас жана Чыңгыз» аттуу иш-чара башка мектептерге, мугалимдерге үлгү болду десем жаңылышпайм! Уюштуруучуларга терең ыраазычылык!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.