200 миң доллар пара менен кармалган прокурор инсульт болду

200 миң доллар пара менен кармалган прокурор инсульт болду

16-апрелде 200 миң доллар пара менен кармалган Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаевдин инсульт болгонун Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка караганда, прокурор пара менен кармалгандан кийин, анын кан басымы төмөндөп кеткен. Ага тез жардам чакырылып, инсультка кабылганын дарыгерлер аныктап, Бишкектеги ооруканалардын биринин неврология бөлүмүнө жаткырылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.