ВИДЕО — «Ура-а, Кыргызстанга келдик! Казакстанда коркунуч болду!». Алматыдан Бишкекке келген 150 адам

ВИДЕО — «Ура-а, Кыргызстанга келдик! Казакстанда коркунуч болду!». Алматыдан Бишкекке келген 150 адам

Бүгүн, 11-январда, Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Алматыдан автобус менен Кыргызстанга жеткирилгенин журналисттерге билдирди. Анын айтымында, 150 адам келген.

Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекетинен «Азаттыктын» журналисти тосуп, акыбалын сураган. Алардын көбү Жаңы жыл тосуу үчүн конокко барышкан. Бишкекке келгендер: «Ураа Кыргызстанга келдик. Казакстанда коркунуч болду» деп кубанганын видеодон көрүүгө болот:

Буга чейин Арипов тополоң тушунда камалган төрт кыргызстандык жаран бошотуларын, алардын саламаттыгы жайында экенин, тек-жайы такталганын билдирген. Алар тополоңдорго шек саналып, камалгандар: 1990-жылы туулган Закир Юбуров, 1991-жылкы А.Хуров, 1987-жылкы И.Мачо жана 2001-жылкы А.Джиншанлону.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.