Казакстандагы тополоңдо каза болгон кыргызстандык Мусаевдин апасы баласынын сөөгүн алып келүүгө уруксат алды

Казакстандагы тополоңдо каза болгон кыргызстандык Мусаевдин апасы баласынын сөөгүн алып келүүгө уруксат алды

Алматыдагы башаламандык учурунда каза болгон кыргызстандык Азиз Мусаевдин апасы С. Иманхожаева Казакстанга кирүүгө уруксат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Алардын айтымында, Иманхожаевага казак тарап уруксат берген. Ал Алматыга 12-январда жөнөп кетет.

Ушул тапта Казакстандагы кандуу окуялардан эки кыргыз жараны кайтыш болгону белгилүү. Алардын бири Азиз Мусаев Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеген. Маркумдун туугандары казак тарап чек арадан өткөрбөй, сөөктү бербей жатканын билдиришкен. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов казак тарап курман болгон кыргызстандыктардын сөөгү тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин берилерин кабарлаган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.