МАЕК — Шарапат НУРАЛИЕВА: «Чыңгыз Айтматов Керез ооруп калганда келип, жанында болуп, акыркы сапарга узаткан»

МАЕК — Шарапат НУРАЛИЕВА: «Чыңгыз Айтматов Керез ооруп калганда келип, жанында болуп, акыркы сапарга узаткан»

Айтылуу Айтматовдун аяшы Шарапат ажы апа

10-июнь, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов каза болгон күн. Ал киши ѳткѳн кγндѳн бери 14 жыл ѳтγптγр. Өмγрγнγн акырында мекенинен тышкары жγрγп, 80 жылдыгына карата тасма тартылып жатканда саламаттыгы начарлап алгач 16-майда Казандагы ооруканага, 19-майда учак менен Германиянын Нюрнберг шаарындагы «Клиникум Нюрнберг Зюд» клиникасына жеткирилген. Бирок, тилекке каршы, 2008-жылы 10-июнда Германия сааты боюнча 15.31де, биздин убакыт боюнча кечки 7.31де алп жазуучунун жγрѳгγ сокпой калды. Сѳѳгγ сѳзсγз мекенине жеткирилишин, атасынын жанына жашырылышын керээз кылган экен, ошондой зыйнат менен акыркы сапарга узатылды…

А бγгγн биз, залкар жазуучубузду эскерип, аны жакшы билген адамдар менен «Айтматов ааламына» сапар тартып турабыз. Чыңгыз атадан 18 жыл мурун каза болгон, көзү өткөнүнө быйыл 32 жыл болгон классташы, досу Абдалы Нуралиевдин жубайы, Баатыр эне, эмгек ардагери, 80 жаштагы ажы апа Шарапат Нуралиева бала кездеги Чыӊгыз байкеси, келин болгондогу аяшын эскерип бермекчи. Апа менен маектешип, алп жазуучубуздун жай турмушундагы биз билбеген нерселерден кабардар болдук. Маегибиз залкар жазуучуну жарык дүйнөгө алып келген Нагима Айтматовадан (Нагыйма Хамза кызы) башталды. Шарапат апа Нагима апаны көрүп калган, Таластын Манас районундагы Жийде айылында кошуна турушкан экен…

— Ата-энебиз Ташкенттен Таласка келип отурукташып, биз Жийде айылында төрөлүп, чоӊойдук. Атам Абдукахар башкарма болуп көп жыл эмгектенди. Илгери аймак башчыларын райисполком, раис деп койчубуз дечү, кийин эле аким, губернатор болуп калбадыбы… Атамдын айтымында, башкарма болуп турганда райисполкомдун кабылдамасына барып калат. Кирип баратып да, чыгып баратып да бир жаш келин отурганын, аны кабыл албай жатышканын байкап калат. Жакын барып жагдайын сураса, ал келин: «Мен Төрөкул Айтматовдун аялы Нагима Айтматовамын. Жолдошум репрессиялангандан кийин биздин үй-бүлөгө «эл душманынын аялы жана балдары» деген жалган жалаа жабылып, кайсы жерге иш сурап барбайын, мени эч бир жерге кабыл албай жатышат. Кесибим боюнча бухгалтермин. Кичинекей төрт балам бар, балдарымды багуу үчүн мага жумуш керек» дептир. Тырнактай балдарын уккан атам, жаш келинге боору ооруп, жумушка алыптыр. Нагима апа атам башкарган колхоздо булгалтер болуп иштеп калат. Кийин Киров райондук финансы бөлүмүндө инспектор, бухгалтер болуп 54-жылга чейин эмгектенди.

Ал учурда Жийде айылында бир эле көчө бар болчу, 20 гана түтүн жашачу. Нагима апа турмуштун оор запкысын, Кудайдын сыноосун көтөрүп, жалгыз эки уулу Чыңгыз, Илгизди, эки кызы Люция, Розеттаны бапестеп багып, өстүрүп, эң жакшы тарбия бергенин айыл ичи суктануу менен мисал кылып бала-чакасына айтып жүрүштү. Улуу баласы Чыңгыз 9 жашта, калганы кичинекей, тырнактай балдар атасынан эрте ажырап, ата мээримин көрбөй калышты… Төрөкул Айтматов Москвадан репрессияга туш болуп, куугунтукталып баштаганда үй-бүлөсүн туулган жери Таласка жиберип жатпайбы… Келген менен, алар да бул жактан аябай куугунтукталып, туугандары ар кайсы жакка качырып, жашырышты да. Жийде айылына келип, ал жерде жалгыз жашаган Толгонай апа менен бирге баш калкалап туруп калышты. Алар менен биз бет маӊдай кошуна болуп калдык…

— Толгонай апа «Саманчынын жолу» чыгармасындагы башкы каарман Толгонай эмеспи?
— Ооба, кагылайын, ошол. Абдан жакшы кемпир болчу. Толгонай апанын Субанбек деген жалгыз уулу болгон, согушка кетип кайтпай калды. Кургур эне жол карап, баласын күтүү менен өмүрүн өткөрдү… Чыңгыз байке экөөнүн маеги бар го, ошондо да баласын сурап жатпайбы, «Баламан кабар барбы?» деп… Жазуучу деген жазуучу экен, уккан-көргөнүн чыгармага, китепке айлантат тура. Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын баары Шекер айылындагы адамдар…  Эсимде, 1978-жылы Шекерде Чыңгыз Айтматовдун 50 жылдык мааракеси өттү. Ал тойго Толгонай апа да чакырылып, кадырлуу конок болгон. Ошондо Чыңгыз байке чыгармасындагы каармандарынын бири экенин айтып, ыраазычылык билдирип, сөз берген эле. Апа да жакшы сөздөрүн сүйлөп, каалоо-тилегин айтып, ак батасын берген. «Жамгыр менен жер, бата менен эл көгөрөт» болуп Чыкем калк батасы менен агарып-көгөрдү. Өзү да элге жакын, бой көтөрбөгөн жөнөкөй адам эле…

«Керездин бою да, чачы да узун… жаркылдаган жан эле…»

— «Жубайы Керез болбосо, чыгармачылыкта ийгиликке жетет беле, жетпейт беле» деп айткандарды уккан элем… Ал кишини да көрсөңүз керек?

— «Калк айтса, калп айтпайт» дейт, чынында эле ошондой. Ооба, Керезди көрүп, баарлашып, сүйлөшүп, сырдашып да калдым. Бою да, чачы да узун, акылдуу, эстүү, билимдүү, ушундай төгөрөгү төп келген жаркылдаган мыкты жар, мыкты эне эле. Мединститутту кызыл диплом менен бүтүрүп, ординатурага өтүп, аны да ийгиликтүү аяктап, аспирантурага да өтүп, дарыгер болду. Ал Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы болчу. Кесиби башка, бирок адабиятка жакын болуп, ошондон улам Чыкем экөө тил табышып, баш кошуп калышты да, кагылайын! Υй-бүлөнүн да бардык түйшүгүн моюнга алып, өз кесибине да кайыл болуп, жолдошунун чыгармачылыгына бардык шарттарды түзүп берди. Жазуучулук көп ийгилигинин жаратманы болду десем да болот…

«Кайнененин камырынан» деп коёбуз го, Нагима апа да жубайы Төрөкул Айтматовго турмуштагы жардамчысы, колдоочусу болду да. Келини да Нагима ападай кең пейил, айкөл, адамгерчиликтүү, түшүнүктүү, жөнөкөй, эмгекчил, мээримдүү эне эле. Нагима апа кайнене болуп келинине заар чачып, кыр көрсөткөн жок. Тун келини Керезди аябай жакшы көрчү. «Баланын көп болгону жакшы, катар-катарынан төрөй бер, мен багып берем» деп, Нагима апа көп неберелүү болууну каалаган. Керез деле эки баласы Аскар, Санжар менен чектелип калганына өкүнүп жүрдү… Нагима апа 1971-жылы 10-августта — Керездин туулган күнүндө көз жумду. Келинине ыраазы болуп эле кетти…

«Керез Чыңгыз Айтматов менен конференциядан таанышыптыр…»

—  Керез эже Чыңгыз Айтматов менен кандайча таанышып калганын айтып берди беле?

— Ооба, кагылайын. Биз дагы сендей болуп кызыгып сураганбыз (күлүп). Айтып берген. Керез да жакшы тарбия көргөн, үлгүлүү үй-бүлөдөн чыккан кыз болгон. Ата-энеси Чүйдүн Он бир-Жылга айылынан, эл кадырлаган үй-бүлөдөн, колхоз мыктыларынан болушкан. Бирок Керез атасын көрбөй калыптыр. Апасы кош бойлуу кезде атасы күтүүсүз катуу ооруп калып эле каза болгон экен. Курсактагы ымыркай төрөлгөндө, атасынан калган белек деп атын Керез коюшуптур. Кичинесинен чыйрак, тың, тырышчаак болуп, мектепте да жакшы окуп, Фрунзедеги кыргыздын мыкты уул-кыздары окуп бүтүргөн айтылуу №5 мектепке которушкан экен. Ал мектепти алтын медаль менен аяктап, мединститутка окууга өтөт. Ал жерде да мыкты окуп, комсомол уюмуна мүчө болот. Чыңгыз Айтматов менен ошол студент кезинде таанышыптыр.

Фрунзенин Биринчи Май районунун комсомолдор комитетинин жыйыны өтүп, ага Мединституттун атынан да делегация барат. Алардын арасында Керез да болот. Скрябин атындагы айыл чарба институтунан Чыңгыз Айтматов келет да, экөө тең баяндамачы катары өз кесиби тууралуу трибунада сөз сүйлөшөт. Тыныгуу учурунда сүйлөшүп, таанышып калышат. Кийин бири-бирин жактырып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошушат. «Келиндин келгендегиси эстен кетпейт» дегендей, Керездин келин болуп келгени, Нагима апанын кубанганы, ал эле эмес айыл бүтүн кубанганы эсимден кетпейт. Ошондогу экөөнүн бактылуу мүнөттөрү алигүнчө көз алдымда турат…

— Ошол сүйүүнүн аягы ажырашуу менен бүтөт деп ойлодуңуздар беле? 

— Жо-ок кагылайын, такыр андай болот деп ойлогон эмеспиз. Бардык нерсе алдын ала Кудайга эле белгилүү, биздей пенделерге билүү кайдан?! Экөө жаман-жакшы айтышып, расмий түрдө ажырашкан да эмес. 1977-жыл болчу. Чыкем Ширин кызы төрөлүп, анын апасы Мариям аттуу айымга кеткенде Керез чынында капаланып, кейиди… Бирок, «Чыңгыздын акыбалы кандай болду экен?» деп ден соолугуна тынчсызданып жүрдү. «Балдарымдын атасы» деп ага жамандык каалаган жок, жакшылык гана тиледи…

— Ал учурда эки аял алган жөн адам да аябай чоң сөз болчу эле, атактуулар андан бетер да?..

— Ооба, кагылайын, ошондой болчу. Ал учурда атактуу адамдардын баскан-турганы, кызматы аябай тергелип, чогулушка салынып, ажырашууга жол беришчү эмес. Эгер коммунисттер ажырашса, анда партиялык билетинен да ажырап калышчу. Партбилети жок жазуучу болуп эсептелчү эмес агезде. Анда БКнын биринчи катчысы, азыркы сөз менен айтканда, Кыргызстандын президенти Турдакун Усубалиев болчу. Керездин айылдаштары анын атынан Чыңгыз Айтматовдун үстүнөн президентке арыз жазышып, кол коюп бер деп келишкен экен, «Биздин үй-бүлөгө аралашпагыла! Ал балдарымдын атасы» деп кол койгондон баш тартып койгонун кийин уктук. Чынында Керез Чыкемди абдан жакшы көрчү. Жакшы көргөн адамыңдан ажыроо кандай оор… Арзуу азабын бардык эле аялзаты көтөрө бербесе керек! Бирок Керез бизге сыр бербей, «Эми турмушта ар кандай болот турбайбы. Чыңгызга жакшылык гана каалайм. Кайда болсо да аман болсун!» деп жаркылдап койчу. Эгерде макул болуп ошол арызга кол коюп берип койсо, Чыкемдин тагдыры кандай болот эле деп кээде ойлоп коем… Керез эже бир жаралган даанышман жан эле да…

— Керез эже ооруп төшөккө жатып калганда келип, кечирим сураганы чын беле?
— Ооба, ал чындык. Чыкем деле турмуштун ысык-суугуна чыдап, аны ийгиликке жеткирген Керез экенин түшүнчү, ошондуктан анын алдында өзүн күнөөлүү сезгенин биз, жакындары билчүбүз. Керез жаркылдап сыр бербеген менен ичинен сызып эле жүрдү… Катуу ооруп, төшөккө жатып калды… Ошол дарттан айыга албай, 70 жашка жетпей кайтыш болуп калбадыбы… Анын катуу ооруп жатканын Чыкем балдарынан угуп чет мамлекеттен учуп келген. Анда Белгияда элчи болчу. Керез ал келгенден 7 күндөн кийин кайтыш болду. Чыкем бир жума Керездин жанында болуп, кечирим сурап, «ыраазы бол, мен сага ыраазымын» деп чекесинен сылап, колунан кармап акыркы сапарга узаткан. Кайра дароо эле Белгияга учуп кеткен.

Чыңгыз АЙТМАТОВ: «Мен үчүн бир ууч топурак салып коюңуздар”

— Сиздин абышкаңыз, досун акыркы сапарга узатууга келди беле?

— Абышкам Абдалыдан 1990-жылы айрылдым. Ал учурда Чыңгыз Айтматов Люксембургда болчу. Келе алган жок. Бирок, шартын айтып, телеграмма жиберген. (Апа ошол телеграмманы колума карматты). Анда мындай деп жазылыптыр:

«С большим прискорбием узнал о кончине очень близкого мне человека, с которыми мы вместе учились в школе и вместе трудились в году войны, одно из героев моих произведений дорогого Абдаллы. Он был достойнейшим человеком, он воспитал достойных детей, и был всегда уважаем в народе. Это большая утрата для вас. Сожалею, что не могу присутствовать на похоронах. Бросьте за меня горсть земли».

***
“Мектепте чогуу окуган, согуш жылдары чогуу эмгектенген, чыгармаларымдагы каармандардын бири асыл Абдаллынын каза болгонун угуп кабыргам кайышып турат. Ал мыкты балдарды тарбиялаган, ар дайым эл сыйлаган кадыры чоң адам эле. Бул биз үчүн өтө оор жоготуу. Узатуу зыйнатына катыша албай калганыма кейип турам. Мен үчүн бир ууч топурак салып коюңуздар”

— Кийин келдиби?

— Ооба, үйгө куран окутуп келип, бейитине чейин барган.

А сиздер Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатууга келдиңиздер беле?..

— Жакшы адамдарды жоготуу кыйын, оор. Абышкаман, Керезден ажыраганда кандай абалда болсом, Чыкемдин каза болгонун укканда ошондой кайгырдым, жүрөгүм сыздап ыйладым… Кыргыз эли үчүн оор жоготуу, биз үчүн трагедия болду да. Каза болгонун укканда, өсүп турган гүл да, учуп бараткан чымчык да, автоунаада жүрүп бараткан эл да жоктоп жаткандай туюлду мага… Элмирбек Иманалиев Чыңгыз атасын жоктоп, элди ыйлатып кандай муңдуу кошок кошту эле… жаркылдаган жапжаш бала эле, сыздатып ал да арабызда жок… Баарыбыздын барар жерибиз тигил дүйнө. Алла Таалам өлүмдү кечинен берсин! Жаштарга узун өмүр берсин! Оо-оомийин!

— Бир кездеги кошуна байкеңиз кийин аяшыңыз болуп калат деп ойлодуңуз беле?

— Жо-ок, кагылайын, кайдан! Менин абышкам Абдалы Нуралиев менден бир топ жаш улуу болчу. Чыкем экөө Шекерде бир класста чогуу окуп, көзү өткөнчө катташты. Абышкам райондук, облустук кызматтарда иштеди. Бала кезинен зээндүү болуп, колхоздун иш-чарасына активдүү катышыптыр. Кол жазмасы сулуу болгондуктан писарь болуп да иштептир. Менин өзүмдүн фамилиям Асатулаева, келин болгондон кийин жолдошумдун фамилиясына өткөм. Мени абышкам ала качып алган. Бала кезде Жийде айылында Чыкем менен кошуна болуп, кийин аяшы болуп калып жатпаймынбы… Бул да болсо тагдыр да… Чыкем Керезди Жийде айылына алып барган. Бир күнү абышкам үйгө Чыкемди үй-бүлөсү менен чакырабыз деп калды. Макул болуп аябай даярдандым. Керезди ээрчишип, 6 жашар баласы Санжарды жетелеп келди. Анда Чыкемдин атагы анчалык чыга элек кез болчу. (Күлүп) Бирок мен абышкам экөө классташ дос экенин билчү эмесмин. Келгенде, балалыктагы кошуналарымды дароо тааныдым. «Тагдырды кара, бизди дагы жолуктурду» деп күлгөнбүз…  Кийин алар Фрунзеге көчүп кетишкен. Чоң-Арык айылындагы атайын ферма адистери үчүн салынган барак тамдан эки бөлмөлүү батир алып  жашап жатышканын ошондо уккам. Чыкем Таласка туугандарына же жумуштап келип калса, сөзсүз биздин үйгө кайрылып кетчү. Абышкам экөө аябай сырдашчу… (Күлүп) Абышкамдын мени ала качып алганын угуп гезитке жазып салып ызы-чуу болгонбуз…

Чыңгыз Айтматовдун «Женихи односельчани» макаласы ызы-чуу жаратып…

— Кандайча?

— 1964-жылы «Правда» гезитинин апрель айындагы санына чыгыптырбыз…  «Женихи односельчани» деген тема коюп жазып жибериптир да. Жогорудагы телеграммада Абдалыны «чыгармаларымдын бириндеги каарманым» деп жазып жатпайбы… Менин абышкам — гезиттеги макаласындагы каарман (Күлүп). Ал макаласы айылды чуру-чуу кылган. Ал учурда тартип темирдей бекем болчу да. Бир нерсе жазылса, ал мамлекет тарабынан сөзсүз териштирилчү. Гезитке мени менен кошо кошуна колхоздон үч кыз уурдалып келип келин болгонун баяндап жазыптыр. Абышкама жумушуна телефон чалып: «Сен тууралуу гезитке макала жаздым эле, окудуңбу?» деп сурайт. «Жок» десе, эмне тууралуу жазганын айтып бериптир. «Ай, жазбай эле койсоң болмок, эми мени аябай суракка алышат да» деп абышкам кейиген экен. Ал кезде Абдалы колхоздо сельсовет эле. Абышкам айткандай эле ошол макала боюнча бир күнү Фрунзеден териштирип текшерүүчүлөр келишти. Абышкамды ишинен үйүнө чейин баарын текшеришти. Бирок, эч нерсе табышкан жок, болгону жаш айырмабызды билишти. Абышкам менден 16 жаш улуу болчу. «Мен бактылуумун» десем, эч нерсе деп унчуга алышкан жок. Ал маселе боюнча аларды Чыкем өзү да тыйып койду окшойт… Кийин ал деле айткан жок, биз деле сураган жокпуз. Эки дос таарынышпай, мурдагыдай эле ысык мамиледе жүрүштү…

Чыңгыз Айтматов атагы аалам аралап кеткенде да, мурда кандай болсо, ошол бойдон калды, эч өзгөргөн жок. (Күлүп) Болгону биздин дасторкон чоңойду. Башында козу, анан кой союп коноктосок, кийин жылкы союп калдык. Атагына жараша эмес, болгону Чыкем башында өзү эле келсе, кийин бир топ кишилер менен келчү, анан ага жолугабыз, учурашабыз деп айылдын баары көчүп келишчү. Ал учурда адамдар башкача элек, пейил кенен, колу ачык, берешен… Чыкемдин айылга келиши той болчу да… Аны менен атайы фотограф жалдап сүрөткө түшүшүп, автограф алышчу. (Күлүп) Биз эле сүрөткө түшпөппүз… Айылдагылардын айрымдары «биздикине кайрылбайсың» деп таарынып да калышчу. Аларды кучактап, «Баарыңарды жакшы көрөм, баарыңар менин тууганымсыңар. Абдалы менин жакын досум, классташым, аны менен сырдашып чер жазышпасам болбойт» деп жан дүйнөсүн түшүндүрчү. Агездеги адамдар башкача болчу, бири-бирине карамдуу, күйүмдүү, жароокер, боорукер, туура түшүнүп, колдоп, сыйлашчу. Адамдар азыр өзгөрдү, пейил тарыды. Кудай деле пейилге жараша ырыскы берет. Чынын айтайын, Союз учурунда жаман нерсе көргөн жокпуз, жакшы жактары көп болчу. Албетте, орустар басым жасашчу, агезде орус тилин билбесең уят болчу. «Кыргыз тилибиз, эне тилибиз кысымда калды» деп капаланчубуз. А азырчы? Тескерисинче, эгемендүүлүк алганы орус тили күч алып кетти, жалаң кыргыздар орусу жок эле орус тилинде сүйлөшөт. Ошондуктан аң-сезимди өзгөртүү керек! «Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт!» деп Сарногоев Байдылда байкем ыр саптарында бекер айткан эмес да.

Жаштар китеп окубай калды, китеп окуш керек! Чыңгыз Айтматов «Эзелтен чечилбеген улуу талаш, Канткенде адам уулу адам болот?» деп суроону кабыргасынан койгондой, аң-сезимди жакшы жагына өзгөртүү керек!

«Эзелтен чечилбеген улуу талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Ураалап, жоо кууса да ушул талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Ажалдан көз жумса да, ушул талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Душмандан жан соогалап качканда да,

Душманды кырып-жоюп, басканда да,

Түбөлүк чечилбеген улуу талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Адамзат качан чечет, качан коёт,

Канткенде адам уулу адам болот?»

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

P.S.  Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов бүгүн  “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде эскерилди. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр жана туугандары катышты. Ошондой эле А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында маданияттын мыкты 60 адамы Чыңгыз Айтматов атындагы медаль менен сыйланды. Сыйлыктарды Маданият, Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министры Азамат Жаманкулов, карындашы Роза Айтматова, баласы Аскар Айтматов жана Кыргыз эл артисти Геннадий Базаровдор тапшырышты.  Аскар Айтматов ыраазычылык билдирип, Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл форумун өткөрүү боюнча пландар бар экендин билдирди… 

«Айтматов шеринеси» деп да атап коюшкан бул форумдун уюшулганына 36 жыл болгону менен, өткөрүлүшү боюнча жаш форум. Ал Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен алгач 1986-жылы октябрда уюшулган. Чыңгыз атабыз Кыргызстанды дагы да дүйнөгө таанытууну максат кылган бул форум ааламдын ар тармактагы чыгаандарын жыйып келип, азыркы абал, келечек боюнча ой-толгоолор, акыл-кеңеш ортого салынчу кереге кеңеш болмок. Алгачкысы 1986-жылы, соңкусу Чыңгыз Айтматов тирүү кезинде 1997-жылы Бишкекте өтүп, андан кийин узакка тыныгуу болуп,  Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Чыңгыз Айтматовдун Эл аралык III Ысык-Көл форуму делип «Айтматов жана доор чакырыктары» аталышта 2018-жылы өткөрүлгөн болчу. Анда алп жазуучубуздун «Адам үчүн эң кыйыны күн сайын адам болуу», «Биз бир кайыктабыз», «Биз дүйнөнү, дүйнө бизди өзгөртөт» деген учкул сөздөрү үч багытта тема катары бекитилгени эсибизде…  Эми… «өткөрүү боюнча пландар» ишке ашып калса… ал боюнча да, кудай кааласа, кенен маалымат беребиз…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.