ВИДЕО — Бийлик каалагандай чечимди 69 депутат колдоп берди. Казахстанга 150 аскерибиз жөнөтүлөт!

ВИДЕО — Бийлик каалагандай чечимди 69 депутат колдоп берди. Казахстанга 150 аскерибиз жөнөтүлөт!

Жабык эшик артында кабыл алынган чечим

Жогорку Кеңеш депутаттары бүгүн, 7-январда, кезексиз жыйынга чогулуп, Казахстандагы соңку кырдаалга байланыштуу ал жакка Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселесин алгач ачык карап, чечим кабыл алаарга жакындап калганда, негедир, жабык эшик артында карай турган болушту. Парламент жыйынына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров орун басарлары менен, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков, ТИМ башчысынын орун басары Ниязалиев катышып, депутаттардын суроосуна жооп берип жатышкан болчу…

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ: «Мен адамдын каны үчүн жооп берүүгө даяр эмесмин

Парламенттик жыйында, албетте, талаш-тартыш болду. Бирок, буркан-шаркан түшүп, келген бийлик делегациясын депутаттардын баары такалап жатып калган жок, 3-4 гана депутат чырылдап, түпөйүл суроолорду узатышты, күпүлдөгөн УКМК башчысы Ташиевден кагуу да жешти. Алардын бири депутат Нуржигит Кадырбеков болду. Ал курч суроолорун берип, аягында: «Кыргыз жоокери кокус бир нерсе болуп кетсе, жоопкерчиликти депутаттар алат. Анткени биздин чечим менен кабыл алып жатат да бул маселе. Андыктан мен адамдын каны үчүн жооп берүүгө даяр эмесмин!» деди…

«Добуш бере албасаңар, укчукпай отургула! Пиар жасабагыла!», — деп ачууланды Ташиев. Ага Нуржигит Кадырбеков, сөзүн бүтүрө электе микрофонун өчүрүп салышса да, азга убакыт сурап ыймандуу да, мыйзамдуу да жообун берди…

Ошентип, элден жашырган башка эмне себеби бар, ким билсин, белгилүү эсептеги өлкө аскерин — карапайым эл баласын өлкөдөн тышкары жөнөтүп жаткан олуттуу маселенин калган бөлүгүн жабык эшик артында талкуулашты. Канткен менен мүчө экенбиз, керт башыбызда милдеттенмелер бар экен, макул болбосок, уюмдун башка алдуу мүчөлөрү кийин кодулап кыйла кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн экен, акыры ЖККУнун бейпилдик күчтөрү курамында Казахстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө эл өкүлдөрүнүн 69у макул, жетөө каршы болду.

Кызыгы, олуттуу кеп, омоктуу ой айтып, туура маселе коюп, туура суроо койгонду, жактырбай калса эле, бийлик өкүлдөрүнүн «пиар» деп күпүлдөгөнү күч алды кийинки күндөрү. Оң-сол пикир айтылбаса, анда андай парламенттин кереги не?! Ансыз да ишин баштай электе эле ооз ачканы аз, катышпай качканы көп болуп, балык жана качкын депутаттар көп келип алганбы деп кооптонуп жатканыбызда…

Неси болсо да, эскерте кетсек, Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн өлкө аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңеш депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жыйын башталганда төрага «53 депутат катталды, кворум бар» деп, бирок «башка партия лидерлери эмнеге жок, башка депутаттарчы, келишсин, чакыргыла» деп жатып чакыртышкан окшойт, жабык эшик артына 70тен ашык депутат топтолуп бериптир…

Жыйындан чыккан Камчыбек Ташиев журналисттерге: «Президентибиздин сунушу каралды. Казахстан мамлекетине ЖККУнун чечимине ылайык, биздин аскерлерди киргизүү боюнча Жогорку Кеңеш чечим чыгарды. Аскерлердин жөнөп кетишин, убактысын, шартын эми карап чыгабыз”, — деди.

Ташиев айтымында, Кыргызстандан Казахстанга 150 аскер, зооттолгон 8 техника, 11 машина барат. Башка маалыматтар боюнча, Армения болжолдуу 300, Россия 1400, Беларусь 300, Тажикстан 200дөй аскер жиберүү чечимине келишкен. Алгачкы жөнөтүлгөндөр азыр казак жеринде дешет. Маселен, Орусиядан келген десантчылар Казахстандын коопсуздук күчтөрүнө жардам берип, ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн учактары коно турган Алматы аэропортун көзөмөлгө алыптыр. Калган ЖККУ аскерлери Казахстанга Орусиянын аскердик-транспорттук Ил-76 жана Ан-124 учактары менен жеткирилет экен…

Эл болсо,»карапайым калкпыз, биз — террорист эмеспиз» деп минтип жазып алып да, какшап да айтып жатат… 

Ал ортодо Казахстан президенти Касым-Жоомарт Токаев кезектеги элге кайрылуу    менен чыгып,  «Өлкөбүздө антитеррордук операция уланып жатат. Конституцияга ылайык укуктук тартипти орнотуу боюнча полиция, улуттук гвардия жана армия күчү менен масштабдуу, уюшкандыкта иштер кылынып жатат» деп башталган ал кайрылууда «террорчуларды аябоо» тууралуу катуу сөздөр айтылыптыр… Бирок, кейиштүүсү, кымгуут мезгилде «ким террорчу, ким нааразы карапайым эл» — кантип аныкташат, таяк, таш кармаганына, муштум кезегенине деле ок жаңылчудай, аттиң…

Алматы комендатурасына шилтеме кылган ММК маалыматтарына караганда, операция жүрүшүндө адам курмандыктары да, жарадар болгондор да, кармалгандар да бар. Ага кошумча Казахстанда 19-январга чейин киргизилген өзгөчө абал жана кечки 11ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат иштеп жатат…

Маалымат үчүн, ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет… Бардык тараптардын белгилүү эсептеги жоокерлери казак жерине жетип, ар бир мамлекет койгон шарт-талаптардын негизинде тийиштүү иш-аракеттерине киришти жана жакына арада киришет…

Уюткулуу улут боордош казак элинин да акылмандык менен кырдаалдан чыгуусун Алла тааладан тилейбиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.