МАЕК – Кенедейинен баян тартып, 4-классында обон жараткан Каныкей Эралиева

МАЕК – Кенедейинен баян тартып, 4-классында обон жараткан Каныкей Эралиева

«Жакшы көрөмүн го»

«Жакшы көрөмүн го?!» деген рубриканы ачкым келип жүргөн. Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн. Керек болсо, самачумун. Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык. Ушунчалык майда болуп кетиппиз…» деп ыраматылык жолдошум Эрнистин жазганы бар. Асыл адамым ачып кеткен рубрикабызга жакшы адамдарды чыгарып келебиз.

Бүгүнкү коногубуз — Кыргыз Эл артисти Каныкей Эралиева.

Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен быйыл окуу жылы кечээ 8-июнда жыйынтыкталып, акыркы коңгуроо 9-июнда кагылды. «Акыркы коңгуроо» ыры жаңырды… Биздин өлкөдө ушул күндүн гимни болуп калган бул ырга обон салган, мыкты обондорду жараткан, үй-бүлө менен чыгармачылыкты чогуу алып кетүү менен бирге турмуштун туу чокусуна жетип, интрига, ушактан алыс, ар бир ишке калыстыгы менен башкаларга үлгү болуп келаткан мыкты композитор, ырчы, боорукер, жароокер, жөнөкөй, адамгерчилиги бийик, жакшы жар, мээримдүү эне – Каныкей эже. Эжебиздин айтымында, ийгиликке жетүү оңой-олтоңго турган эмес. Чыгармачылыкта канча деген көралбастык, бут тосуулар болгон. Ал эле эмес, үй-бүлөсү тууралуу да туура эмес ушак тараган. Мына, ушунун баары, азыркыга чейин талыкпай, Бишкектеги Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда эмгектенип келаткан үлгүлүү үй-бүлөнүн баскан жолу архивдеги маекте…

АРХИВден…

«Таенемдин көлөкөсү элем»

Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мыкты ырчы Каныкей эжебиз 1956-жылы 9-январда андагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ата-энеси студент болгондуктан, Ысык-Көлдөгү Калый таенесинин колуна бир жашында келип, чоңоюп, тарбияланат. «Таянемдин көлөкөсү болчумун. Ал кайда кыштаса, ошол жакта окудум. Бирде Ак -Талаада, бирде Балыкчыда дегендей…» деп күлөт эже.

4-классымда жаралган обон…

— Кенедейимден эле музыкага кызыктым. Ак-Талаада жүргөндө музыка жагынан обончу Мааданбек Алмакуновдон таалим алдым. Ал эми баян аспабында ойногонду агам Турдубек Чокиевден үйрөнгөм. Өздүк-көркөм чыгармачылык ийримине үзбөй катышып, 4-класста «Тууган жер» деген ыр жазып, обон чыгаргам. Анын артынан «Бөбөктөр», «Балалык», «Музыка», «Акыл кенчи – мугалим» деген сыяктуу ырларга обон чыгарып, кыяк менен ырдап жүрдүм. Талантыма күбө болгон ата-энем кубанып, айтылуу обончу, композитор Жумамүдүн Шералиевге алып барышкан. Ал киши менин талантымды текшерип көрүп, «музыкалык окуу жайга алып баргыла» деген. Көрөгөч адамдын кеп-кеңеши менен ата-энем борборубуздагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына 1971-жылы алып келишкен. Ата-энеме, Жумамүдүн агайга абдан ыраазымын. Эгер алар туура багыт бербесе, азыр мен ким болмокмун, ким билет… Талантымдын башатын ачып берген асыл адамдарымды эч качан унутпайм!

«Аксуубай Атабаев таланттарды тандаганда…»

— Ошентип, аталган окуу жайда окуп калдым. Ал кезде тартип катуу, талап күчтүү болчу. Өзүбүзгө тиешелүү аспабыбызда күнүгө 8-9 сааттан ойночубуз. Мугалимдер чыныгы таланттарды сыйлашчу, баалашчу. Ал эле эмес, атактуу обончу, композиторлор талантууларды издеп атайын музыкалык окуу жайга келишчү.

Бир күнү окуу жайга айтылуу Аксуубай Атабаев кыздарга конкурс уюштуруп калды. Канча деген кыздар менен кошо мен дагы катыштым. Мага кезек келгенде агайдын «Кыргыз жери» аттуу ырын аккордеон менен ырдап бердим. Жеңиш мага буюрган экен, ошондон кийин ушул ыр менен белгилүү болуп кеттим. «Кыргыз жерин» ырдаган кыз биз менен окуйт» деп группалаштарым ар кимди ээрчитип келип, «ырдап койчу» дешсе, аккордеонду асынып алып эле ырдай берчүмүн. Ошол аккордеонумду 2005-жылга чейин көздүн карегиндей сактап келдим, кийин Кадырбек иниме бергем.

«18 жашымда 13 балалуу үй-бүлөнүн эң улуу келини болдум»

Ошентип, «Кыргыз жери» ыры менен таанымал боло баштаганда Атай агайыңар менен таанышып калдым. Тагырагы, бир бөлүмдө окуп калдык. Бирибиз ырдап, бирибиз аранжировкалап, аккордеондо коштоп, бат эле ынак болуп кеттик.

1974-жылы ата-энемдин катуу туруп, каршы болгонуна карабай 18 жашымда турмуш туткасын кармадым. 13 балалуу үй-бүлөнүн эң улуу келини болуп бардым. «Жеңе» деп мотурайган балдар көзүмө жакшы көрүндү. Кайненем жакшы киши эле. Менин жаштыгымды түшүнүп, дайыма туура кабыл алчу. (Күлүп) Көп учурда жоолук салынбай, тамак жасаганда бети-колум көө болуп астынан чыга келчүмүн. Ошондон уламбы, айтор, тандыр нан жапканга жолоткон жок. Чынын айтсам, ал жактын салтына көп көнө албай аябай эле кыйналгам. Ошонун баарын кайненем көтөрдү, ыраазымын. Экөөбүз тең студент болгондуктан, шаарга келип, окуубузду уланттык. 1975-жылы Нурланбек аттуу уулдуу болдук. Баламды төрөгөндө кайненем кичүү кызы Эркеайымды төрөгөн. Экөөнү эмчектеш кылып багып берди. 1976-жылы Нуржан аттуу кыздуу болдук.

«Акыркы коңгуроого» жаралган обон..

— «Акыркы коңгуроо» аттуу ырга обон классташтарымды сагынганда чыккан. Жогоруда айттым го, музыкалык окуу жайга 8-классты бүтүрүп келгем деп. Классташтарым менен акыркы коңгуроого катышпай калганыма өкүнгөм да… Анан аларга гүлдесте кылып обон жараткам. Эсимде, 70-жылдардын аягында, 80-жылдардын башында «Ленинчил жаш» (бул гезитти үзбөй окучубуз, анткени акын-жазуучулардын ырлары жарыяланып турчу) деген гезитке Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов агабыздын бир топ ырлары басылган. Ырларынын акырында «Акыркы коңгуроо» деген ыр жүрөт. Ушунчалык жагып калды да, агайга кайрылдым, «Агай, ушул ырыңызга дагы куплеттерди кошуп жазып бериңизчи» деп. Суранычым четке кагылган жок, обон да дароо жаралды, кыйналган жокмун, бир отурганда эле жазылды. Жолдошум Атай аранжировкасын жасап берди. Эки күндө эле даярдап, радиого жаздырып койдум. Элге аябай жагып, ырдалып кетти. Ушул убакка чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келатат. «Жакшы ырдын өмүрү узун болот» дегендей, жашап келатат. Абдан кубанычтамын.

«Башка бир планетага түшүп калгандай эле болдук…»

— Күрөңкеевди ийгиликтүү аяктагандан кийин билимди тереңдетүү үчүн Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун композиция бөлүмүнө тапшырдык. Көралбастык, бут тосуу дегендер дал ушул жерден башталды. Музыкалык окуу жайдагы мугалимдердин камкордугуна көнүп калган жаныбыз башка бир планетага түшүп калгандай эле болдук. Бири-бирине кыйынсынган, жакшы эмес, жаман жагыңды издеп турган жерге туш келдик.

Ал кезде композиция кафедрасын профессор Мукаш Абдраев башкарчу. Абдан жакшы агай эле. Көп жерден бизди коргоп турчу. Атай экөөбүз тең классикалык музыка жазуу жаатында көп чайналдык. Романс ыр жанрын жогорку деңгээлде жазганыбыз менен калссикага сүңгүп кире албай кыйналдык. Канчалык тоскоолдук болгон сайын биздин ырлар эл оозунан түшпөй турду. Бүткүл союздук грампластинка чыгарган «Мелодия» фирмасынан «Каныкей Эралиева ырдайт» деген грампластинка көп нуска менен чыкты. «Комсомол» сыйлыгына кандидаттыгымды институт эмес, Кант району көрсөттү. Чет мамлекетке бара турган делегациялардын курамына кошушса, ага ректор коштурбай коюп, үч жолу Дания, Франция, Швециядан калтырды. Алар канчалык бизди басмырлаган сайын биз талыкпаган эмгегибиз менен ийгиликтерге жеттик. Атай экөөбүз биргелешип иштеген «Айыл кечи» аттуу ноталуу  жыйнагыбыз 1986-жылы жарык көрдү.

Бат эле үйлүү болдук. Үйдү болгондо да ал кездеги ЦКнын 1-секретары Турдакун Усубалиевдин өз колунан алдык. Ошол жылы Эмгек сиңирген артисттигин алдым. Арлен аттуу балалуу болдук. Ал чоңойгон сайын музыкага кызыга баштады. Скрипкага ойноого кызыкса, кубанып сатып бердик. Консерваторияны бүткөн. Талантуу балдар менен топ түзүп, эл алдына чыгып жүрүштү. Демөөрчү жоктугунан улам тарап кетишти окшойт. Айтор, балдардын өз эркине койдук, каалаган кесибине ээ болушту. Кызыбыз Нуржанды да музыкалык окуу жайга тапшыртканбыз. Аны ийгиликтүү аяктаганы менен ырдабай койду. Каалаган окуу жайында окуп, ошол кесип менен кетти.

«Кесибибизден бир жаңылып барып кайра келдик»

— Көрсө, Кудай ар кимге каалаган талантты берет экен, аны түртүп кетуу өзүбүздөн тура. Турмушта биз дагы кесибибизден бир жаңылып барып, кайра келдик. Жакшынакай келатып эле ортодон музыкабызды таштап, башка ишке өтүп кеткенбиз. Ал бизди аябай артка тартты. Анан аны токтотуп, музыкагыбызга кайрылып келдик. Алла Талаанын жардамы менен Кыргыз Эл артисти, Атай Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти болду. Адам баласы Кудайдын сыноосунан чыдаса эле ийгиликке жетет экен. Биз муну жон терибиз менен сездик.

«Атай тамашөкөй да…»

— (Күлүп) Ал ортодо болбогон ушак тарады… «Каныкей Эралиева менен Атай Бөдөшов ажырашып кетти» деген сөз тарап кетиптир. Бул ушак биздин тели-теңтуштарга да жетиптир. Атайдын классташ баласы «Ош» базарынан жолдошума жолугуп калып сураптыр. «Эми ошондой болуп калды, айла жок. Жүр, жаңы аяшың менен таанышасыңбы?» деп Атай аны үйгө ээрчитип келсе мен жүрөм. Агайыңар ушундай тамашөкөй, шайыр, оор басырыктуу адам болгон үчүн мындай ушактарга маани деле берген жок. Мени да ошого үгүттөдү, «көңүл бурба!» деп.

«Жакшы жарга туш болгонума кубанам»

— Мыкты кожейкемин деп айта албайм, бирок, көңүлүм келсе баарын жасайм. Атай кызыбыз чоңойгуча тамак-аш кылып, кийим-кечесин өзү жууп, үтүктөп деле алчу. Азыр деле бизди күтүп отурбайт. Жогоруда айткандай, 13 бир туугандын улуусу болуп, ини-карындаштарынын баарын чоңойтууга жардам бериптир. Үй тиричилиги менен кичесинен эле тааныш болгондуктан, жумуш жасоону өөн деле көрбөйт. «Мен сага токтот музыкаңды, мага тамак бер!» десем, сен жаратып жаткан жакшы обондун тамыры үзүлүп кетпейби» деп калат.

Бирок, агаңардын жакшы көргөн тамагын жасап берүүдөн эринбейм. Аксы эли таластыктарга окшошуп кетет эмеспи, камыр тамактарга жакын. Барынан күлчөтайды жакшы көрөт. Камыр жууруп, беш бармак кылып берем. Дагы бир сүйгөн тамагы — салат. Өзү болсо борщ менен мастава эле жасай берет. Агаңар ушундай жакшы адам. Мага Кудай түшүнүктүү, таланттуу жар берип, бактылуу кылганына миң мертебе ыраазымын. Эгер башка адамга турмушка чыксам чыгармачылыгым көмүскөдө калып калмак экен.

Назира СААЛИЕВА,

«Леди kg» гезити, 2011-жыл

Алгачкы «Акыркы коңгуроо» качан, кайда кагылган?

Айтмакчы, маалымат үчүн, тарых булактары күбөлөндүргөндөй, “Акыркы коңгуроо” тарыхы СССР аймагында тээ 40-жылдардын биринчи жарымында жаралган. Алгачкы «Акыркы коңгуроо» мындан 74 жыл мурун жаңырган…

Анын тарых башаты Кубань жергесинен башталат. Бул күндүн автору — Федор Федорович Брюховецкий деген краснодардык жаңычыл педагог болгон. Айтымында, ал айтылуу педагог А.С. Макаренконун жамааттык иштерди уюштуруу идеяларын жетекке алып, алгач өзү директорлук кылган мектепте “Билим күнү”, мектеп босогосун жаңы аттаган бөбөктөр үчүн  “Биринчи коңгуроо”, мектепти аяктап жаткандар үчүн “Акыркы коңгуроо” сындуу мектептик салт-жөрөлгөрдү уюштурган. Кийин бул майрамдык маанай көптөргө жагып, жакынкы мектептерге, бара-бара бүткүл союз мейкиндигине тараган…

Фёдор Брюховецкий ким болгон? Ал Россиянын мурда Екатеринодар, азыр Краснодар деп аталган жерде туулган. Краснодар педагогикалык институтун бүтүрүп, 1943-жылы 28 жашында ошол жактагы №12 мектептин директору болуп калган. Өтө оор — согуш маалында жакканга отуну жок мектепти СССР педагогика илимдери академиясынын Педагогика тарыхы жана теориясы илимий-изилдөө институтунун тажрыйба аянтчасына айлантканга жетишкен. №12 мектепке киргизген тажрыйбалары советтик билим берүүнүн классикасына айланган, учурда да пайдаланууда келатат дешет. Фёдор Брюховецкий бардык жаш курактагы окуучуларды, мугалимдерди, ата-энелерди бириктирген, жакындаткан нерселерге өзгөчө көңүл бурган… Ошондой ой-максатта жаралган АКЫРКЫ КОҢГУРОО майрамы, бир кезде биз тийиштүү болгон совет аймагында АЛГАЧКЫ ЖОЛУ Краснодарда 1948-жылы 25-майда жаңырыптыр. Бул күндүн башкы маңызы — окуу жылын бул күн бүтүрүүчүлөрдүн да, башка да окуучулардын эсинде калгыдай салтанаттуу жыйынтыктоо болгон. Ошондон улам окуучуларды жалпы линейкага тургузу менен өткөрүлгөн жана биринчи класстын окуучулары мектепти аяктап жаткан окуучуларга эмгек сабагында жасаган өз белектерин, эмгектерин тартуулашкан. Ал эми бүтүрүүчүлөр болсо мектептин тегерегине бак-дарак отургузушкан.

Башта айткандай — “Акыркы коңгуроо” Фёдор Брюховецкийдин мектебинде жаралган жалгыз майрам эмес. Бул мектепте “Букварь менен коштошуу” (бизде “Алиппе менен коштошуу”), окуу жылын башталышындагы “Билим күнү” сындуу салттуу майрамдар да жаралган

Назира СААЛИЕВА

P.S. Акыркы коңгуроо” ырдын автору Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүркановдун маеги бу ШИЛТЕМЕде!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.