Ибрагим ЖУНУСОВ: «Көзү өткөн адамды эстесең, же багыштап куран окусаң, анын руху сенин жаныңда болот»

Ибрагим ЖУНУСОВ: «Көзү өткөн адамды эстесең, же багыштап куран окусаң, анын руху сенин жаныңда болот»

Мелис ЭШИМКАНОВ: «Өлбөстүккө ишенем»

«Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан мыкты журналист, 2000-жылы президенттик шайлоодо талапкер, 2005-жылы Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Эшимканов Мелис агабыздын бүгүн туулган күнү. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 61 жашка чыкмак…

«Асел айым жолдошунун элесине арналган футбол, бильярд же журналисттер арасында сынак, бир күнү карасаң эскерүү, эми минтип илимий конференция өткөрүп жатат» деп Кыргыз эл артисти Ибрагим Жунусов айткандай, Мелис агабыздан айрылгандан бери жеңебиз ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп келатканы чындык. Былтыр агабыздын 60 жылдык юбилейине карата Кыргыз драмтеатрында эскерүү өткөрүп, кызы Миэлла «Атакем ай» (сөзү: К.Урманбетовдуку, обону Г. Суранчиеваныкы) деген ырды ырчы Г.Суранчиева менен ырдап элди ыйлаткан.

Ибрагим ЖУНУСОВ: «Кыргыз бар жерде досумдун аты эч качан өчпөйт!»

Кечээ жакында, 6-декабрда, Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Мелис Эшимкановдун эркин кыргыз журналистикасынын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү ролу жана орду» аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аны Асел жеңем кафедра башчысы болуп иштеп жаткан Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) Журналистика жана маалыматтык системалар факультети уюштуруп берди. Иш-чарага коомдук, мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, мурдагы, азыркы депутаттар, достору келишти.

Жол алыстыгына карабай, каякта болсун учуп келип эч бир иш-чарадан калбаган, саясатта болобу, коомдук иштерде болобу, жай турмушта болобу, көп жылдар Мелис агабызга үзөңгүлөш дос болгон Ибрагим Жунусов конференцияга да келип, агабыздын айтканынан кайтпаган курчтугун айтып, эсинде калган учурларды сыдыргыдан өткөрүп, бир күлдүрүп, бир ойлонтуп сүйлөп берди:

Мына, бүгүн да Мелис досумду эскерип отурабыз. Бул жылда эскере турган салтка айланып калды. Көзү өткөн адамды эстесең, же багыштап куран окусаң, же атын эле атап койсоң, ошол адамдын руху, жаны сенин жаныңда болот. Эртеден бери Мелис Эшимканов деп жатабыз, демек, Мелистин дагы жаны бүгүн биз менен бирге. Ал бийикте туруп алып, көрүп, угуп жатат бизди.

Мелис чагылгандай жашап өттү. Мен Аселден чакыруу алганда алгачкы таанышуубузду, мамилебизди эстедим. Ошондо мен ОшМУда мугалим, а Мелис  Бишкекте студент эле. 5-жатакананы «Алтын бешик» деп коюшат экен. Бир сапар «Жүр, мен сени «Алтын бешикке» алып барып терметем» деп алып барып, «Ибрагим Жунусов ырдайт» деди. Дегеле мени ар кайсы жакка ала барып концерт койдура берчү. Жетелеп эле жүрдү. Ошондо анын фамилиясын деле сурабапмын. Эки жылдан кийин гезиттерден Мелис Эшимканов деп макалаларын окуп калып, ошондо билдим фамилиясын. Бул бир. Экинчиден, «Сулуулар конкурсу» дегенди Кыргызстанда эң биринчи Мелис Эшимканов ойлоп таап, уюштурган. (Күлүп) «Сулуулар конкурсун» филармонияда өткөрүп, «Ибрагим Жунусов ырдайт» деп жазып да коюптур. Билет баасы 100 доллар деп турат. (Күлүп) 100 доллардан азыркыга чейин Филармонияда концерт боло элек да… «100 доллардан концерт болбойт» десем, «Болот!» деп өткөрдү. Анда биз фонограмма жок, жандуу үн менен ырдачубуз. Концерт башталды, мен сахнага чыктым. (Күлүп) Артыма жарым жылаңач 50 кызды тизип коюптур да, анан аларды ары-бери басасыңар деген да экен. «Жаным, сенден башканы сүйө албайм» деп жубайыма арнаган ырымды ырдап жатам, кыздар ар жагымдан, бери жагымдан өтүп жатышат. Тамагым кырылдап жаман абалда болдум. Кыздардан уялдымбы же кимден билбейм?.. Мына, Мелис ушундай жигит болчу…

Журналистка боюнча, чыгармачыл адам болгондон кийин бул тармак боюнча түшүнүгүм бар. Мелис журналистикага башкача кадам таштап, жаңы көз караш, жаңы тема менен макалаларды жазчу. Ал абдан окумдуу болду. Ошондон уламбы, айтор, Мелисти туурап жазууга көп журналисттер аракет кылышты. Мелис аты-жөнүн жазбай эле көзгө көрүнбөгөн мектеп түзүп кетти.

Бир окуяны айтып берейин. Бул болгон окуя. Бир аял жапжаш кезинде үч-төрт баласы менен күйөөсүнөн ажырап калат. Жолдошунун тирүү экенин билдиргиси келген аял костюм, шым, көйнөгүн үтүктөп, чыкчыйтып илгичке илип, костюмунун оң чөнтөгүнө көбүрөөк акча, сол жагына азыраак акча салып шифоньерге илип коет. Анан балдары четинен акча сурай баштайт. Бир күнү бир баласын алдына келип:

— Апа, мектепке акча сурап жатат, 100 бересизби.

— Шифоньерде илинип турган атаңдын костюмунун сол чөнтөгүнөн ал!

Кийин бир баласы:

— Апа, 200 сом керек.

— Атаңдын оң чөнтөгүнөн ал!

Мындай мамилеси менен ал аял балдарына атасынын атын унуттурбаш үчүн, тирүү экенин билдиргиси келген. Мен муну эмнеге айтып жатам? Себеби, ошол аял сыяктуу аяшым Асел дагы Мелистин атын өчүрбөө максатта жакшы иштерди жасоодо. Бир күнү карасаң, Мелис Эшимкановдун элесине арналган футбол, бильярд, бир күнү карасаң, журналисттер арасында сынак, бир күнү карасаң — эскерүү, эми минтип илимий конференция өткөрүп жатат. Асел, сага чоң рахмат!

Мен дайыма айтып келем, адамдын өмүрү — бири көзүнүн тирүүсүндө өзү менен бирге жашайт, экинчиси – адамдын көзү өтүп кеткенден кийин өзүнүн артында калтырган эмгеги, жасаган иштери менен аты жашайт. Негизги өмүр экинчи өмүр болуп эсептелет. Мына, 12 жылдан бери Мелис Эшимкановду эстеткен иш-чаралар токтобой, өз нугу менен өткөрүлүп келе жатат. Экинчи өмүрү узун болсун! Кыргыз бар жерде Мелис досумдун аты эч качан өчпөйт!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Алдыда Аскар СалымбековМамат СабыровБакыт Орунбеков, Кыяс Молдокасымов, Эмилбек Каптагаев, Жанар Акаев, Жылдыз Мусабекова, Ширин Костюктун эскерүүсүн окуй аласыздар. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.