Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жол кирени кымбаттатууну колдоп беришти… А сизчи?..

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жол кирени кымбаттатууну колдоп беришти… А сизчи?..

Бүгүн, 27-декабрда, Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында жол кирени көтөрүү маселеси каралды. Жыйында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол кирени көтөрбөсө, азыр сатып алынган жаңы автобустарды да жоготуп алуу коркунучу турганын айтты эле, шаар депутаттары муниципалдык автобус, троллейбуска жол кирени кымбаттатууну колдоп беришти.

Эми ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, «Тулпар» картасы менен 17 сом болот. MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө жол кире баасы 11 сом бойдон калат. Жаңы тариф токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөн соң күчүнө кирет.

Эске салсак, буга чейин автобус, троллейбуста жол кире накталай төлөнсө, 25 сомго көтөрүү сунушталып, бирок, нааразычылыктар байкалгандыктан, ишке киргизилбей турган…  Бирок төлөм «Тулпар» картасы менен жүргүзүлсө, жол кире 11 сом бойдон калары айтылган болчу. Соңку маалыматтарга караганда, муниципалдык транспорттордо элдин 70-80%дайы карта менен төлөөгө өткөн…

Алты жылдан бери айтып эле келатышат… Арты эмне болоор экен?..

Негизи эле жол кирени көтөрүү акыркы алты жылда байма-бай көтөрүлүп келаткан маселе. Мурунку мэрдин бири Албек Ибраимов бир кезде, тагырагы, 2017-жылдын 27-сентябрында  жол кирени кымбаттатууну оозанып, шарты Кыргызстандын шартына окшош башка КМШ мамлекеттеринде коомдук транспорттордо жол кирелер кымбаттыгын, кыргыз акчасы менен эсептегенде 18-35 сомго туура келерин балп эткен…

Ал кезде бизде жол кире маршруттук кичи автобустарда 10 сом, автобус, троллейбуста 8 сом болчу. Улам-улам иш таштап, каттамга чыкпай ызы-чуу болуп атып, 2021-жылы маршруттук кичи автобустарда жол кире 15 сомго; автобус, троллейбус акысы 11 сомго көтөрүлгөн.

Эми буга да шүгүр дебей, эл чөнтөгүн ансыз да кымбатчылык тоноп жатканда дагы көтөрөбүз деп жатышат…

Эми азыркы мэрге келсек…

Ортодо мурунку мэр алмаштырып, кайра аны алмаштырып кайтып келген азыркы мэр Айбек Жунушалиевдин мурда-кийин көрүнүктүү иши деле байкалган жок. Балким, биз билбеген миссиясы барбы, эми «жол кирени көтөрбөсөк, азыр сатып алынган жаңы автобустарды жоготуп алуу коркунучу турат» деп коркутуп жатат. Анда автобустарды алып эмне кыласыңар да?.. Жаңы автобустардын келиши жол кирени кымбаттатуу эле максатта болсо, элдин чөнтөгү жука, жумушсуздук да, жетпеген турмуш да күчүндө турганда, эл чөнтөгү, жагдай-абалы менен эсептешүү керек го. Маселен, бир үй-бүлөдө 5 бала окуса, аларга жол кире канчалык оорчулукка турарын эсептегиң деле келбейт. Ал үй-бүлөдө ишке баргандар бар, алардын барган-келген жол киреси… Ансыз деле азык-түлүк, башка кем-карчы кымбаттап жатат…

Айтмакчы, ушул айдагы парламент жыйындарынын биринде Жогорку Кеңеш депутаты Марлен Маматалиев жол киренин 11 сомдон 20 сомго көтөрүлүшүнө каршы болуп, мэриянын жүйө катары Европа өлкөлөрүн мисал келтиргенине күйүп, Кыргызстан менен Европаны салыштыруу мүмкүн эместигин: «Европалыктардын орточо айлыгы 200-250 миң сом, биздики 20-25 миң сом. Алар менен кантип салыштырууга болот?  Тарифтерди көтөрбөш үчүн автобустарды электр кыймылдаткычы же газ менен сатып алууну талап кылганбыз. Эгер жол акысы  көтөрүлсө 11 сомдон 15 сомго көтөрүлсүн. Бирок 20 сомго чейин көтөрүп, түндө 25 сом кылган туура эмес», – деп айтты эле…

Эл өкүлү айткандай күндүзгү тариф кеч киргенде өзгөрүлүп көтөрүлүшү да бар. Анан, жол кирени кымбаттатууга себеп канча жүйө-факторлорду келтирсеңер да, биздин карапайым элдин жашоо-шартын, тапкан, катканын Европа эмес, жакынкы КМШ мейкиндигиндегилердин кыйласына салыштыруу кыйыныраак.

Эл чыдамын, сабырын канчага чейин сынайсыңар, билбейм…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.