ВИДЕО — Манасчылар, төкмө акындар Замирбек Үсөнбаевге аргымак тартуулашты…

ВИДЕО — Манасчылар, төкмө акындар Замирбек Үсөнбаевге аргымак тартуулашты…

Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор, «Эл шайырлары» фольклордук тобунун көркөм жетекчиси, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жашка чыкты. Мааракесине арналган иш-чаралар апрелден бери болуп келатат. Кечээ жакында да жакшы көрүнүш болду.

Кыргыз улуттук “Манас” театрынынын жетекчиси Азиз Биймырза уулунун айтымында, 31-майда Замирбек агабызга шакирттеринин демилгеси, төкмө акындарынын ынтымагы менен ат мингизишти…

Замирбек Үсөнбаев: «Балдарга айтчу сөзүмдү айтып кетейин…»

Замирбек агабыздын театрга кандайча барып калганы боюнча Азиз буларды айтты:

— Өзүңүздөр билгендей улуттук «Манас» театрына айтуучулук өнөрдү артынып келе жаткан манасчылар, дастанчылар, төкмө акындардын жалпысы ишке кирип, мамлекеттен айлык алып жатышат. Ал мейли Таласта, мейли Көлдө, мейли Ошто болсун маселе эмес, негизги максат айтуучулуктун феноменин жашатып жатканы үчүн театр камкордук көрөт. Ал эми так ошол 31-майда заманыбыздын залкары Замирбек ата театрга барып, балдарга айтчу сөзүмдү айтып кетейин деп калды. Эми андай кишини катардагыдай тоскон уят деп бир аз камылга көрдүк. Атабыздын замандаштары театрдын түп башатында турган залкарлар Уркаш Мамбеталиев, Сапарбек Касмамбетов турганын эске алып, «ата жокто бала бар» деп байбичелерди дагы чакырып сый көрсөтүп койдук.

Залкарларыбыздын кадам басып, бата артынып келе жатканын ЖК депутаты Руслан Жакышовго айттым. «Болду иним, батага орток болуп, насиптеш болоюн, аш чарасын мен көтөрөйүн» деп колдоп берди. Эл өкүлүнүн өнөрпоздор менен ырыскылаш болуп ыр, күү угуп турганы жакшылыктын жышааны. Агабызга ыраазычылык билдиребиз, асылдардын батасы тийсин!

Апалардан бата алган Руслан Жакышов…

Буга чейин төкмө акын Максат Кулуев: «Залкар манасчылар бир келген өмүрүн, жашоо — турмушун, кыргыздын баалуулуктарына арнап өткөргөн Уркаш Мамбеталиев менен Сапарбек Касмамбетов аталардын өмүрлүк жарлары, ардактуу апалар келип батасын беришти. Замирбек Үсөнбаев агайга акындар аргымак тартууласа, өнөрдү аздектеген мыкты агаларыбыздын бири Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов келип, баалуу сүрөт галереябызды толуктап, малын союп, мартабалуу аксакалдардын батасын алып кетти. Ишиңизге ийгилик каалайбыз бар болуңуз Руслан ага!»,-деп «Фейсбуктагы» баракчасына  жазган.

Апалардын ак батасы кабыл болсун, Руслан ага! Сиздей адамдар көп болсун!

“Манас” театры качан түзүлгөн?

Былтыр 25-сентябрда Бишкекте өткөн дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы болгон. Жабылуу аземинде “Манас” театры түзүлгөнү, анын жетекчиси манасчы Азиз Биймырза уулу экени айтылып, президент тарабынан 500 миң сомдук сертификат тапшырылган. “Манас” театры Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланат. Бир жылдык бюджети — 49 млн. сом.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.