ВИДЕО — ЭСТАФЕТА УЛАНУУДА: Нурлан Камчыбеков «Биз акындар» ырды окуду…

ВИДЕО — ЭСТАФЕТА УЛАНУУДА: Нурлан Камчыбеков «Биз акындар» ырды окуду…

Эстафета уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай биздин сайт «Алакан биз» (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Мындай саамалыктын башын Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов баштап берген. Бир ай, бир жума болуптур. Ошондон бери социалдык желеде бир топ инсандарыбыз эстафетаны улантып келет, ыраазычылык билдиребиз.

Кезек акын, «Данакер Лингво» маданий-илимий коомдук бирикмесинин мүчөсү Нурлан Камчыбековго келип, агабыз Байдылда Сарногоевдин «Биз акындар» аттуу ырын окуп, эстафетаны Улан Орозалиевге узатты.

БИЗ АКЫНДАР

Биз акындар мактасак чоң мактайбыз,

Чоң пафостуу, чоң темадан баштайбыз.

Кээ бир кезде «жаша, жаша» дей берип,

Ырдын тузун чала кылып таштайбыз.

Кээ бирөөбүз майда ырларды сүйбөйбүз,

«Бытовой» деп, «сытовой» деп иргейбиз.

Бирок ошол «бытовойдун» ичине,

Чоң пафостуу ой батаарын билбейбиз.

Жаз космосту, жазгын Мекен жөнүндө,

Же шыпыргы, же чай кашык жөнүндө.

Ошол пафос, ошол чоң ыр, ошол ой,

Окуганда уюп калса көңүлгө.

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу, сымбаттуу, кымбаттуу, алтындан ардактуу, коргошундан салмактуу эстафета катышуучулары, дегеле жалпы окурмандарыбыз!

Биз менен сапарлаш болуп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз! Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Ооба, баарыңыздарды Ютубдагы «Алакан TV» каналыбызга чыгаруу аракетиндебиз. Каналыбыз ортодо «заблокко» түшүп калып, мурдагы баракчабызда 3 миңге чукул подписчигибиз бар эле, «чарбагыбызга» кимдир бирөө киргенби, материалыбыздын баары өчүп калып… жоготкон мээнетибизге кейип-кепчип алып каналды кайрадан иштетип баштаганыбызга аз гана убакыт болду. Оорчулук көрбөсөңүздөр, ушул «Алакан TV» каналыбызга да жазылып коюңуздарчы, ээ!

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу окурмандарыбыз, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын жетекчиси Назира Саалиеванын жана жалпы эмгек жамаатыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»! Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — ЭСТАФЕТА УЛАНУУДА: Нурлан Камчыбеков «Биз акындар» ырды окуду…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.