ВИДЕО — Биздин аскерлерди Казакстанга жиберген жарлыкка президент кол коеру менен 150 жоокер учуп кетти

ВИДЕО — Биздин аскерлерди Казакстанга жиберген жарлыкка президент кол коеру менен 150 жоокер учуп кетти

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аскердик контингентин Казакстан Республикасынын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, президент Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин 6-январдагы чечимин, Жогорку Кеңештин 7-январдагы токтомун эске алган. Конституция жоболоруна ылайык, Жогорку Кеңеш Казакстан аймагында кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу максатта, тынчтыкты орнотуу иш-чараларына катышуу үчүн Кыргызстандын аскерин жиберүүгө уруксат берген.

Кант авиабазасынан 150 жоокер учуп кетти…

Ошентип, Кыргызстандын аскерлери Казакстанга учуп кетишти. «Скорпион» атайын бөлүгүнүн 150 офицер жоокери, брондолгон 19 техника Кант авиабазасынан жөнөтүлдү.

Эми, эмне дейбиз, арга жок, айла жок, кыргызымдын жигиттерине амандык тилеп, ак батабызды беребиз. Кыргызымдын жоокерлерин кудай колдосун, аман-эсен Казакстанга жетип, түгөл Кыргызстанга кайтып келишсин! Анткени УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев парламенттик жыйында: «Эч кимге эч ким кепилдик бере албайт!» деп ачык эле билдирип, жоокерлерибиз коопсуздугуна эч кимдин кепилдиги жок, келишим милдеттенмелери, чечим, жарлык менен гана жөнөп кетишти…

Ташиевдин айтканы боюнча, барып кайсы объектилерди кайтарышат, анысы белгисиз, бирок «коопсуздук чаралары боюнча тийиштүү нускама-тескемелерди алышат», «кайсы жакты беришсе, ошол жакты кайтарышат»…

Токаев “Террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин» билдирди

Ал эми Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 7-январда, мамлекеттик телеканалдар аркылуу элге дагы кайрылуу жасап, соңку кырдаал боюнча маалыматты да камтый кетти. Анын айтымында, өлкөдө антитеррордук операциялар уланууда. Террорчулар мамлекеттик, жеке менчик мүлктөргө зыян келтирүүдө. Ошондон улам, ал укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук берген. «Бандиттерди, террорчуларды жок кылыш керек, бул жакын арада толук аткарылат!» деп билдирди Токаев.

Казак элинин толкуну эмнеден башталып, эмне болуп уланды?

Нааразычылык акциясы Казакстандын Мангыстау облусундагы мунай калаасы Жаңы-Өзөндө 2-январда башталган. 31-декабрда 100 теңге турган суюлтулган газ баасы бир түндө — 1-январда 120 теңге (23, 9 сом) болуп кескин кымбатташына нааразы эл борбордук көчөлөрдүн бирин жол кыймылын токтотуп тосуп, газ баасын 50-60 теңгеге түшүрүү талабын коюшкан.

Бирок Казакстан энергетика министрлиги менен облустук бийлик өкүлдөрүнүн бул талап орундалышы мүмкүн эместиги айтылган «Азыр биржада бир литр газ 70-85 теңге, бул газды ташуу операциялык чыгымдарды кошпогондогу сумма. Мурдагы 60 теңгелик бааны кайтаруу мүмкүн эмес» деген билдирүүсү кошумча болуп, Жаңы-Өзөндөн башка да газ баасы эки эсе кымбаттаган Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында да эл нааразылыгы башталып, толкундоолор жанданып, 4-январда күчөп, 5-январга караган түнү Алматы шаарында күч органдары менен элдин ортосунда кагылышуулар да болгон.

Ошол күнү эртең менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, Коопсуздук кеңешин эми Нурсултан Назарбаев эмес, өзү жетектей турганын, эч жакка кетпестигин, эл менен болорун айтып эки жолу элге кайрылып, бирок көп узабай Коопсуздук кеңеш жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү башаламандыкты токтотуп, тартипти орнотуу максатында деп Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сурап кайрылды. Ал кайрылуусунда өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия», «чет жактан олуттуу даярдыктан өткөн террорчулар уюштуруп жатат» деп баалап да жиберген эле…

«Чет элде тараптарга сүйлөшүү жүргүзүп, проблемаларды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган сөздөр айтылып жатат. Не деген акмактык?! Кылмышкерлер менен, кан ичерлер менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн! Биз жергиликтүү да, чет элдик да куралданган, даярдыктан өткөн бандиттер менен бетме-бет келип отурабыз. Так айтканда, бандиттер жана террористтер менен. Ошондуктан аларды жок кылуу керек. Жана бул жакын арада ишке ашырылат» деген катуу сөздөр менен бүгүн казак журтуна кайрылган Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешин колуна алганы, кыязы, «террорчу» атап жаткан тараптар менен элдешкис кадамдарга барып, катуу, катаал чараларды көрүп баштагандай…

Ажо Токаев катуу каарданып жогорудан башка да көп сөздү айтыптыр, боордош казак элинин акылмандык менен кырдаалдан чыгуусун Алла тааладан тилейбиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — Биздин аскерлерди Казакстанга жиберген жарлыкка президент кол коеру менен 150 жоокер учуп кетти

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.