ВИДЕО – Экс-депутат «жаш режиссёрго» айланганда… Жаралуу жүрөктү козгогон «Жылкычы чымчык»…

ВИДЕО – Экс-депутат «жаш режиссёрго» айланганда… Жаралуу жүрөктү козгогон «Жылкычы чымчык»…

«Жылкычы чымчыктагы» жылдыздар…

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Кыргызтудей» сайтынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Бегалы Наргозуев агабыздын Чакыруусу менен кечээ, 15-декабрда, Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрына барып, “Жылкычы чымчык” аттуу көркөм фильминин расмий улуттук бет ачарына күбө болдук.

Зал толо эл келди. Акын, жазуучу, окумуштуулар, артисттер, мугалимдер, студенттер, журналисттер келип көрүп, аягында кино тууралуу пикирлерин билдиришти, талкуулашты, каалоо-тилектерин айтышты.

Узактыгы 2 саат 20 мүнөттүк тасмадан тажаган жокпуз. Баш каарман Алтындын тагдыры эмне болот деп кейип отурдук…

Тасма сюжетин кыскача айтыш да мүмкүн эмес. Адатта фильмдерде  бир канча идеялар бири-бири менен алышып, бирок баары өзөк бир идея тегерегинде  ачылат эмеспи. Тасманын режиссер-коюучусу Бегалы Наргозуев эже-сиңдинин эки ача тагдырынын айланасында Кыргызстандагы экологиялык-социалдык көйгөйлөрдүн дээрлик бардыгын камтыптыр: экологиябыздын бузулушу: мөңгүлөрдүн эриши, жети облуста жерден алтын изделип тоолорубуз тешилип, казылып, кендерибиздин башка жактарга ташылып жатышы; шаарды каптаган кара түтүн (смог); жаштардын ыйман, адебинин кеткени, жеңил акча табуу үчүн чет элдик жарандарга веб-камералар аркылуу кыздардын интимдик кызмат көрсөткөнү; ымыркайларды сатуу, бала сатып алуучу фирмалардын шылуундугу, диний агымдарда адашып, аша чаап кеткен үй-бүлөнүн караңгылыгы; баёо кыздын баласын боюнан алдырбай сактап калганы, курбусу таштап кеткен баланы кошуп багып алганы; бир тууган кыздардын баскан-турганын айылга ушак кылып таратып элди зериктирбеген сатуучу — ушакчы аялдын образы укмуш ачылыптыр… Дагы бир өзгөчөлүк: ушунун баары төрт мезгилде — жаз, жай, күз, кышта тартылганы жакты. Тасма жаратуучулар пр бир мезгилдеги жаратылыш кубулушун атайын күтүп, жасалма эмес, табигый жаратылыш тартышканы дароо эле байкалат.

Анан дагы өмүр бою чалы менен тоодо топоз багып жашап, таш менен төлгө  салып, кызы, неберелеринин ал-акыбалын алдын ала билип турган таяненин, туңгуюктан жол таппай турган кызына туура кеңеш берип кубанткан Шекер таененин ролун Кыргыз эл артисти Жамила Сыдыкбаева менен Баялы таятанын ролундагы Асан Амановдун тоо суугуна чыдап тасманын аягына чейин тартылып бергендерин баса белгилеп койсок болот. Андан  тышкары Мадалена Абдракманова, Дидара Зарлыкова, Таазим Үмөталиева, Албина Имашева, Марат Ибраев, Айнура Эсеналиеванын да ролдору өздөрүнө бап келип куп жарашып, кино ажарын ачышыптыр. Алар тууралуу режиссердун тааныштыруусунан кененирээк билсеңиздер болот…

 Лайли Үкүбаева: «Бегалынын киносу ойлонтту…»

Роза АКНАЗАРОВА: «Жаштарга сабак болчу кино болуптур»

Гүлсара АЖИБЕКОВА: «Бул кино «Бакайдын жайлоосун» эске салды…»

Аталышы ар кандай аталып…

Тырмак алды тасмасын жараткан Бегалы мырза фильмдин сценарийин киносценаристтер Кубатбек Жусубалиев жана анын кызы Жамбы Жусубалиева, Марат Сарулу, Актан Арым Кубаттын катышуусунда жазган. Оператор-коюучусу — Хасан Кыдыралиев. Ысымдардан байкаганыңыздардай, баары сценарий жазуу жана аны көркөм тасмага айлантуу кандай мээнет, эмгек экенин билген, түйшүгүн тарткан мыктылар. Казактарда 26, Кыргызстанда 15 кинотасманы тарткан Хасан Кыдыралиев болсо, «кадрларды режиссердой туйган, режиссер каалагандай, режиссер көргүсү келгендей тарткан, режиссер табитин тапкан» мыкты кинооператор экени талашсыз.

Идея бышып, сценарий жазылып, фильм тартылып, монтаждоого бир жарым жылдай убакыт кеткен. Жумушчу аталыш менен жазылып, кийин туруктуу бир ат тандалгандай бул фильмдин да аталышы бир канча жолу өзгөргөн. Сценарийин Кубат аке менен чогуу жазганда “Чоң жолду бойлоп бир өттүм” аталып, Марат Сарулу “Мөнгү-Ата” же “Тоонун жылкычы чымчыгы” деп, Актан Арым Кубат “Эне мээрими” деп атоону сунуштаган. Аягында Бегалы байке өзү “Жылкычы чымчык” деп атоону чечкен. Айтымында, тасма аталышы фильмдин ички мазмунуна төп келет.

Бала кездеги кыял орундалдыбы?

Айтмакчы, кино тартуу Бегалы байкенин бала кезиндеги кыялы болгон. Ɵзүнүн айтуусу боюнча, университетти аяктагандан кийин “Кыргызфильм” киностудиясында он жылдай иштеп, режиссер жардамчысы болгон. Союз ыдырап, турмуш арабасын тартып ар ким ар кай жакка кеткенде, акча топтоп келип кино тартам деп бизнеске кеткен. Ортодо саясатка аралашып, депутат болуп, журналистика казанында кайнап, бизнес да кылып акча чогултканча кыйла убакыт агып, бала кездеги кыялы акыры аткарылып,  60 жаштын кырында «жаш режиссер» аталып турганын айтып элди күлдүрдү…

Бегалы Наргозуевдин тырмак алды тасмасына көрүүчүлөр, кино тармагынын билерман адистери, сынчылары өз баасын берээр… Бүгүнкү бет ачарга келген ар тармак өкүлдөрү жана кино, театр, адабият, маданият адамдары бир ооздон жогорку бааларын беришти…

Эрнисти эстеп…

Бегалы байкени көргөн сайын Эрнисимди эстей берем. Анткени жолдошумдун акыркы иштеген жери «Кыргызтудей» болчу. Экөөбүздүн редакцияга кантип келгенибиз узак кеп. Аны «Эрнис АСЕК уулу» аттуу китептен окуй аласыздар. Кыскача айтсам, Айтбек (Орозбеков) аттуу Бегалы байкенин оператору аркылуу алгач ишке мен келгем. Жадырап-жайнап тосуп алган байке Эрнистин ал-акыбалын сурап, «мага келип кетсинчи…» деди. Эртеси келди. «Эрнис, сен деңгээлиң жогору журналист, акылың алдыга кеткен адамсың, мыкты котормочусуң. Андыктан менин сайтыма иштей аласыңбы-жокпу билбейм. Ошентсе да иштеп бербейсиңби» деген сунушун айтты. Эрнис котормо менен болуп бош эместигине байланыштуу сырттан жазып турайын деди эле, байке ага да макул болду. Анда 2019-жылдын күз айы эле…

Экөөбүз жолдо кетип баратканда, Эрнис: «Бегалы байке мени өтө эле көтөрмөлөп койду ээ» деди. «Жок, туптуурасын айтты. Эх, байым, сен өзүңдү баалабайсың да…» деп кейидим.  Чынында эле өзүн баалабай өттү…

Ал ишибизде Бегалы байкенин адамгерчилиги, мамилеси жакты. Ал бизге катуу талап койгон жок, айлыкты убагында берип турду. Экөөбүзгө бир жаман сөз айткан жок. Эрнисим ыраазы болуп кетти. Бегалы байке, бардыгы үчүн сизге рахмат! Бар болуңуз! Тунгуч киноңуз ак жолтойлуу болсун!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.