Желек тагдырын чечип койгон 59 депутат… Ким кайсы депутатты эмнеге шайлады эле?..

Желек тагдырын чечип койгон 59 депутат… Ким кайсы депутатты эмнеге шайлады эле?..

«Ээ, кагылайын кайним, жездем деди эле деп желекти өзгөртүп салдыңбы? Берки өзүбүздүкүн эле кайтар, мунуң жакпай калды» десе не… дегиң келет…  Бирок эл каалоосу «баамчыл» жезденикиндей күчү жок жел бойдон калды… 32 жыл бетиндеги күн нурлары кыймылдап желбиреп берген, үч чамгарактуу түндүгү да жарашыктуу МАМЛЕКЕТТИК ТУУБУЗ өзгөрө турган болду акыры… аттиң десе…

Аргасыз тарыхка кылчайсак…

Өлкөбүздүн МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУ эгемендик алгандагы алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Жыл сайын 5-мартта Мамлекеттик туу күнү белгиленип келатканда… ортодо Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси бир жолу көтөрүлгөн. 2011-жылы Жогорку Кеңеште айрым депутаттар кеп козгоп, депутаттык комиссия да түзүлгөн. Бирок колдоо тапкан эмес… Бул жолу колдоо эл тараптан болгон жок…

Не дейбиз… тууну тууралап өзгөртүү сөздөрү чыкканда, каңырыш кептир дегенбиз. Бара-бара катуулай баштаганда, эл каалоосу менен эсептешишер дедик. Себеп дегенде, Мамлекеттик туу бир ууч адамдардын эмес, 6 миллиондон ашык Кыргызстан калкынын желеги, туусу болчу да…

Бирок, 29-ноябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында эл шайлаган депутаттар туубузду өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, дароо колдоп беришти. «2-3-окуу бар да» деген үмүткө байланган эл үнү «Туубузду өзгөртүүгө каршыбыз!», «Желекке тийбегиле!» деп интернет айдыңында уланды. Көчөдөн кармаган ар бир адам деле ушуну айтмак… айрым сурамжылоолордо айтып да жатышты… жазышты…

Тилекке каршы, эл үнүн бийлик уккан жок. Болбосо, кечээ эле ушул желегибизди өөп ант берип кызматка келишти эле…

А бүгүн, 20-декабрда, желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш депутаттарынын экинчи жана үчүнчү окуусунда каралып, колдоо тапты. Бир гана депутат Нуржигит Кадырбеков желекти өзгөртүүсүз калтырууну өтүнгөн.

Добушка коюлганда беш гана депутат каршы добуш берип, 59 депутат колдоп берди. Он бири катышпай, он беши колдогон эмес.

Кимдер колдоду, кимдер качты?…

Өтө олуттуу маселе караларын билип туруп жыйынга келбей койгон депутаттарга ачууң эле келет…

Баарыбыз билгендей, катышпагандар ичинен бир гана депутат каршы добуш берем деп кааласа да катыша алмак эмес. Ал темир тор артында отурган Адахан Мадумаров.  А бирок калганычы?.. Жалтактап так позициясын айталбаган андай депутатты «арамза» деп деле койсо болот.

Кыскасы, эл үнүн бийликке жеткизем, элге көпүрө болом деп кайсы депутат кай жактан шайланып парламентке келди эле… сыдыргыдан өткөрүп коелу:

Каршы добуш берген депутаттар:

1. Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»)
2. Сеидбек Атамбаев (Аламүдүн округу)
3. Дастан Бекешев (Октябрь округу)
4. Мирлан Самыйкожо (Кочкор округу)
5. Медер Алиев («Ишеним»)

Катышпагандар:
1. Чыңгыз Айдарбеков («Альянс»)
2. Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру»)
3. Жанар Акаев («Альянс»)
4. Фарходбек Алижанов («Альянс»)
5. Дастанбек Жумабеков (Манас округу)
6. Эмил Жамгырчиев («Альянс»)
7. Тазабек Икрамов (Сузак округу)
8. Гуля Кожокулова («Бүтүн Кыргызстан»)
9. Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан»)
10. Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»)
11. Элвира Сурабалдиева (Биринчи Май округу)

Добуш бербегендер:

1. Айгүл Айдарова («Бүтүн Кыргызстан»)
2. Нилуфар Алимжанова («Альянс»)
3. Эмилбек Жусупов («Ишеним»)
4. Русланбек Жакышов («Ишеним»)
5. Азамат Исираилов («Альянс»)
6. Эрулан Көкүлов («Ынтымак»)
7. Арсланбек Малиев (Жети-Өгүз округу)
8. Гүлкан Молдобекова («Альянс»)
9. Марат Мураталиев («Ишеним»)
10. Жалолидин Нурбаев (Араван округу)
11. Нурлан Ражабалиев (Баткен округу)
12. Максатбек Сарбагышев (Ысык-Көл округу)
13. Эмил Токтошев («Бүтүн Кыргызстан»)
14. Данияр Төлөнов (Куршаб округу)
15. Балбак Түлөбаев («Ынтымак»)

Колдогон депутаттар:
1. Мейкинбек Абдалиев («Ата-Журт Кыргызстан»)
2. Айсара Абдибаева («Ишеним»)
3. Чыңгыз Ажибаев (Лейлек округу)
4. Нурланбек Азыгалиев (Жайыл округу)
5. Нурбек Алымбеков (Төлөйкан округу)
6. Айбек Алтынбеков (Базар-Коргон округу)
7. Ырысбек Атажанов (Кадамжай округу)
8. Шайлообек Атазов (Свердлов округу)
9. Динара Ашимова («Ыйман нуру»)
10. Улан Бакасов (Нарын округу)
11. Абдыбахаб Боронбаев («Ата-Журт Кыргызстан»)
12. Жамиля Исаева («Ата-Журт Кыргызстан»)
13. Аида Исатбек кызы («Ынтымак»)
14. Аманкан Кенжебаев (Сокулук округу)
15. Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»)
16. Коргонбай уулу Жусупбек (Ноокат округу)
17. Гүлшаркан Култаева («Ата-Журт Кыргызстан»)
18. Жаныбек Кыдыкбаев («Ата-Журт Кыргызстан»)
19. Лейла Лурова («Ынтымак»)
20. Шарапаткан Мажитова («Ынтымак»)
21. Замирбек Мамасадыков («Ыйман нуру»)
22. Марлен Маматалиев («Ынтымак»)
23. Талант Мамытов («Ынтымак»)
24. Таалайбек Масабиров («Ата-Журт Кыргызстан»)
25. Айбек Маткеримов («Ата-Журт Кыргызстан»)
26. Искендер Матраимов (Кара-Суу округу)
27. Надира Нарматова («Ата-Журт Кыргызстан»)
28. Сүйүн Өмүрзаков («Ишеним»)

29. Улугбек Ормонов («Ишеним»)
30. Айбек Осмонов (Ош округу)
31. Улан Примов (Алай округу)
32. Венера Раимбачаева («Ыйман Нуру»)
33. Равшан Рысбаев (Көк-Жар округу)
34. Жылдыз Садырбаева («Ата-Журт Кыргызстан»)
35. Медербек Саккараев (Кемин округу)
36. Акбөкөн Таштанбеков (Ысык-Ата округу)
37. Кубанычбек Самаков (Ленин округу)
38. Бакыт Тентишев («Ынтымак»)
39. Таалайбек Сарыбашов («Ата-Журт Кыргызстан»)
40. Элмурза Сатыбалдиев (Өзгөн округу)
41. Кундузбек Сулайманов (Токтогул округу)
42. Элдар Сулайманов («Ата-Журт Кыргызстан»)
43. Чолпон Султанбекова («Ишеним»)
44. Нурбек Сыдыгалиев («Ишеним»)
45. Бактыбек Сыдыков (Ноокен округу)
46. Мурадил Сыдыков («Ынтымак»)
47. Таалайбек кызы Жылдыз («Ишеним»)
48. Камила Талиева («Ата-Журт Кыргызстан»)
49. Шайырбек Ташиев (Жалал-Абад округу)
50. Миргүл Темирбаева («Ишеним»)
51. Женишбек Токторбаев («Ата-Журт Кыргызстан»)
52. Чынберди Төлөнов («Ата-Журт Кыргызстан»)
53. Акылбек Түмөнбаев (Ак-Суу округу)
54. Азиз Турсунбаев (Ала-Бука округу)
55. Карим Ханджеза (Москва округу)
56. Бактыбек Чойбеков (Талас округу)
57. Бахридин Шабазов («Ишеним»)
58. Нурланбек Шакиев (Аксы округу)
59. Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан»)

Кошумчалап койчу маалымат, 29-ноябрдагы биринчи окууда каршы болгон депутаттар саны 8 болчу. Үркөрдөй ал топтон бул сапар 4 депутат (Нилуфар Алимжанова, Арсланбек Малиев, Максатбек Сарбагышев, Эмил Токтошев) добуш бербегендер, Тазабек Икрамов катышпагандар ичинде, ал эми Кубанычбек Самаков колдогондорго кошулган. Бүгүн каршы болгон 5 депутаттан Медербек Алиев жана «макул» деп кнопкасын башкалар басып койгон Мирлан Самыйкожо биринчи окууда кокустан колдогондорго кошулуп калышты эле…

Садыр ЖАПАРОВ: «Нурлан Шакиевди тепкилебегиле, мени тепкилегиле!»

Айтмакчы, желек маселеси жакында эле 15-16-декабрда өткөн экинчи элдик курултайда да айтылды. Адаттагыдай ага президент Садыр Жапаров катышып, «эки күн силерди уктум, эми ызылдабай, чуулдабай мени уккула» деп курултайчыларды теске салып алып кыйла сөздү айтып, арасында «Желекти өзгөртүү демилгеси мага таандык. Шакиевди тепкилебегиле, мени тепкилегиле!» деди эле. Ошондо тууну тууралап өзгөртүү оюна түрткү болгон Асангалый жездеси, маалыматты кайдан алганы белгисиз,  үч чамгарактуу түндүгү бар боз үй жамандыкта гана тигилгени тууралуу кабардар болдук эле.

Айтор, ажо сөзүнүн аягында тууну өзгөртүү демилгесин колдоп берүүнү суранган болчу…

Примовдун абийири ачылганда…

Курултайда президент желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири болуп жаткан Примовдун абийирин ачып койду. Ал буга чейин бети кызарбастан «өзгөртүү коомчулук сунушу болчу» деп эле жаткан да… Эл «Каршымын!» деп жатса, «кайсы коомчулук?» деп таңгалганбыз… Балким, кимдин сунушу, кимдин каалоосу экени курултайда айтылсын дешкен чыгар, ким билет…

Эл пикири менен эсептешкен эл башчылары, журт башчыларына таңсык элек, аттиң… Туубуз өзгөрбөсүн деген талап, өтүнүч-суранычтар аткарылбады… балким таасир этер деп айла жок тамаша кептер да айтылды…

Асхат Субанбеков: 

— Швейцариянын желегин да алмаштыруу керек! Аптечкага окшошуп калыптыр.

Мирлан Токтобеков:

— Канада деле бир жалбыракты коюп алып отурат го…
Айкүмүш Жолдошбекова:

— «Күнкарама болбойбуз» деп атып мунусу жылдыз же тикенек карама болуп калды го..

Семетей Аманбеков:

«Художник Элнур Исаков опубликовал иллюстрацию «Последний закат», посвященную изменению флага Кыргызстана. На ней наш флаг уходит в закат. Уходит в закат наша 30 летняя история…. только из за хотелки одного человека…»

Улукбек Омокеев:

Билбестер “өзгөрүү жай” дешер.
Кантели, заманам айлакер.
Эс таткан кезимде тааныгам
Эсил туум, сагынтпай кайра кел.
Садырбек Турдубек уулу:
Жыйыштырып ар ишти,
Желекке койдук сабизди,
Жеп ийгини келтирип,
Ачат экен табитти.
Эми чет элдиктер «- Силердин мамлекетте «сабиз» экспорттойсуңарбы? десечи?
Ушундай суроолор менен кала бердик «танк алдында»…
Он күндөн кийин…
Эки жыл илгери Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун аралаш же параллель системасын киргизип, “Парламенттин аброюн бир мандаттуу округдардан келген депутаттар гана көтөрөт. Анткени алар партияга да, бийликке да көз каранды эмес. Ал бир гана өз шайлоочуларына жана округуна көз каранды болот», — деп  ушул Жогорку Кеңеш шайланып келерде президент Садыр Жапаров айтты эле…  Ошол «партияга да, бийликке да көз каранды болбой» бир округдан жана партиядан аралаш келген, эл ишенген 59 эл өкүлү бүгүн Мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун президенттин кароосуна жөнөттү…
Анан ал президент кол койгондон кийин (он күн өткөндөн кийин) күчүнө кирет…

Мирлан САМЫЙКОЖО: «20-30 жылдан кийин туубуз кайтып келет»

Бекбосун ЖАЙЧЫБЕКОВ: «Желегим менен ажырашкым келбейт»

Мамлекеттик туубуздун авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.

 

Мамлекеттик туубуздун башкы авторлорунун бири Сабыр Иптаров агабыз көзү тирүү болгондо туубузду жан үрөп коргоп чыгат эле. Башынан ак калпакты түшүрбөй, жүрөгү эл-жер, тил, маданият, дегеле, улут деп соккон киши эле. Тил илими үчүн кандай зор иштерди жасады, айта берсең, узак кеп… Азыркылардын тизгинин тартып коёр, акыл-эске чакырып тыйып коёр канча адамдар өтүп кетти, аттиң!

Азыр желегибизди автор катары коргогон жалгыз Бекбосун Жайчыбеков гана болду. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына тммөндөгүдөй пост калтырды:

Аппак кар себелеп турат. Жаныңа келдим. Эч нерсе болбогондой кар аралаша соккон желге желбиреп, бирде ачыла, бирде жүзүңдү жашыра калып жатасың. Кыя албайм. Жан дүйнөмдөн жаралган, жарык нуруңду чачып туруучу элең го. Ажырашкым келбейт. Жүрөгүм башкача согуп жатат. Аман бололучу! Элибизге жаңылыктарды, жакшылыктарды каалайм!

Агабыздын ызага ууккан жан дүйнөсүн тууну өзгөртөбүз деп желигип, ээлигип алгандар түшүнмөк беле… Бирок, Бекбосун агабыз жалгыз эмес, артында эл бар. «Эл менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» дегендей, эл менен сиз бийиксиз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.